Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:13

Бишкекте айрым тургундар үйү жылыбаганына даттанууда


Бишкек. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.
Бишкек. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

Бишкек шаарынын айрым тургундары акыркы күндөрү көп кабаттуу үйлөрдө жылуулук жакыш берилбей жатканына даттанууда.

Калаа борборунда жана түштүк жагындагы кичирайондордо ушундай көйгөй жаралганын социалдык желенин бир канча колдонуучусу жазды.

Энергетика министрлиги 20-январда тараткан маалыматка ылайык, баш калаанын райондорунда 14 бригада иштеп жатат.

Министрлик Жылуулук электр борборундагы жабдуулар эскиргендиктен, кызматкерлер күнү-түнү техникалык жумуштарды улантып жатканын белгиледи.

Шейшембиге карата расмий эсепте Жылуулук электр борборунан Бишкек жылуулук тармагына берилген ысык суунун температурасы +56 градусту түзүүдө.

"Кээ бир жерлерде жылуулук толук кандуу жетпей жатса, келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз", - деп маалымат таратылды министрликтин Фейсбуктагы баракчасына.

Мекеме батирдеги жылуулук +18 градустан төмөн болсо, Бишкек жылуулук тармагы ишканасынын маалыматтык колдоо борборуна кайрылуу зарылдыгын эскертти.

Бишкек жылуулук тармагы менен түзүлгөн абоненттик келишимге ылайык, үй-жайлардагы температура +18дан төмөн түшпөшү керек.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек Жылуулук электр борборунда жарылуу болуп, отказандардын көбү өчүп калган. Бир нече күн жылуулук жана ысык суу берүү чектелип, оңдоп-түзөөдөн кийин калыбына келтирилген. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери уланууда. (SE)

XS
SM
MD
LG