Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

Шамалдан “Ысык-Көл” аэропортунун дубалы дагы кулады


 “Ысык-Көл” аэропортунун шамалдан кулаган дубалы.
“Ысык-Көл” аэропортунун шамалдан кулаган дубалы.

17-февралга оогон түнү болгон катуу шамалдан Тамчы айылындагы “Ысык-Көл” аэропортунун дубалынын бир бөлүгү дагы кулады. Бул маалыматты “Азаттыкка” Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Фархат Бейшенбиев ырастады.

2023-жылдын 18-мартында ушул эле аэропорттун дубалынын бир бөлүгү катуу шамалга туруштук бере албай кулаган. Ошол кезде президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков аэропорттун айланасын тосуу боюнча “Кыргызстройсервис” ишканасы жеке подрядчы компания менен келишим түзгөнүн, 18-мартта катуу шамалдан улам бетондоо иштери толук бүтө элек тилкедеги дубал урап калганын билдирген. Дубалды подрядчы фирма өз каражатына кайра калыбына келтире турганы айтылган.

Тамчыдагы аба майданы Кыргызстандагы эл аралык деген макам алган беш аэропорттун бири. “Манас” эл аралык аэропорту ачык акционердик коомунун курамына кирет. Ал Тамчы айылында жайгашкан жана расмий түрдө “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту деп аталат. Анын курулушу 1975-жылы башталып, 2003-жылы пайдаланууга берилген.

2015-жылы аба майданын реконструкциялоо иштери башталып, 2016-жылы аяктаган. Ошондон бери күнү-түнү учактарды кабыл ала алат деп айтылган. Ошол жылы аэропорт Аба транспорту эл аралык ассоциациясынын (IATA) IKU кодун алган. (AsK)

XS
SM
MD
LG