Еврошаркет Орусияга каршы санкцияларды узартты

Еврошаркет Орусия Украинанын аймактарын аннексиялагандан кийин кеңейтилген санкцияларды 2025-жылдын 24-февралына чейин узартты.

Биримдик Орусия күч колдонуп, эл аралык укукту одоно бузган учурда, "бардык жазалоочу чараларды күчүндө калтыруу жана зарыл болгон учурда кошумча чараларды көрүү ылайыктуу" деп чечти.

2022-жылдын февралында Москва Украинага каршы толук масштабдуу согуш баштаганда Еврошаркет жооп иретинде санкция салган. Орусия Украинанын Донецк, Херсон, Луганск жана Запорожье аймактарын аннексиялаганын жарыялагандан кийин, ал чаралар кеңейтилген.

2023-жылдын декабрында Еврокеңеш Орусиянын Украинага каршы агрессивдүү согушун айыптап, бул - БУУнун Уставын бузарын белгилеген. “Украинанын көз карандысыздыгын, суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн, эл аралык коомчулук тааныган чек араларын жана орус агрессиясынан коргонуу укугун колдорун эске салган”.

Учурда Евробиримдик Орусия менен сооданы жана орус саясий элитасынын ишмердүүлүгүн чектеген санкциялардын 12и пакетин кабыл алган. Шаркет "санкциялар орус армиясын жана аны камсыздагандарды согуш жүргүзүү үчүн керектүү товарлар менен жабдуулардан ажыратат" деп эсептейт. Учурда кезектеги пакет талкууланууда.

Ошол эле маалда айрым иликтөөлөр санкцияларды буйтап өтүп, Орусиянын согуш өнөр жайы колдонгон товарлар жеткирилип турганын аныктаган.

Дагы караңыз

Аскерде ок жеген жоокерге кенемте төлөнө элекМинистрлик мүлктү легалдаштыруу боюнча түшүндүрмө таратты Бишкекте айрым тургундар үйү жылыбаганына даттанууда