Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:15

Аскерде ок жеген жоокерге кенемте төлөнө элек


Тилек Сүйүндүков
Тилек Сүйүндүков

Бишкектин четиндеги Кой-Таш аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүрүп ок тийген 19 жаштагы Тилек Сүйүндүковго кенемте төлөнө элек. Бул тууралуу анын апасы Майрамбүбү Абдразакова "Азаттыкка" билдирди.

“Уулум өткөн жылдын 28-октябрында үйгө кайтып келди. Андан “эч доом жок” деген тилкат жаздырып алып колуна аскердик билетин беришкен. Мен да тилкат жазып бергем. Балам өзүн өзү атып алган эмес, бул боюнча териштирүү болот деп айтылганы менен бизди сотко чакырышкан жок. Тийиштүү адамдарды жоопко тартканын деле көрбөдүм. Айыктырып бергени менен баламдын ден соолугу мурдагыдай эмес. Кенемте төлөнүп берилет деп да айтылган, бирок маселе ошо бойдон чечилген жок”, - деди Абдразакова.

Бул боюнча Коргоо министрлигине байланышууга кылган аракетибизден майнап чыга элек.

Тилек Сүйүндүков аскердик милдетин өтөө үчүн 2022-жылдын 19-октябрында Кой-Таш аскер бөлүгүнө барган. Июнь айында ага ок тийип, эки жолу операция жасалган. Ок жоокердин өпкөсүн тешип, кабыргасын сөгүп кеткен.

Бул окуяга байланыштуу бир офицер кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту У.Т. аттуу офицерди үй камагына чыгарып, Аскер прокуратурасы иликтөө иштерин жүргүзгөн.

Коргоо министрлиги ошол кезде жоокер этиятсыздыктан улам өзүн өзү атып алганы тууралуу маалымат тараткан.

Коргоо министрлигинин 2017-жылдан 2021-жылга чейинки отчетунда, беш жыл ичинде өлкөдөгү аскер бөлүктөрүндө 62 аскер кызматкери каза тапкан, алардын 12си суицидге барганы айтылат. Буга чейин аскерде жүрүп зомбулукка туш болгон жоокерлердин окуялары катталган.(KS)

XS
SM
MD
LG