Казакстан Өзбекстан менен товар жүгүртүүсүн 10 млрд долларга жеткирүүнү көздөөдө

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги.

Казакстан Өзбекстан менен соода жүгүртүү көлөмүн жогорулатып, 4 миллиард доллардан 10 миллиардга чейин жеткирүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу бүгүн 19-февралда Астанада Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов менен жолугушуунун соңунда Казакстандын башкы дипломаты Мурат Нуртлеу билдирди.

«Кийинки максаттарыбыздын бири — товар жүгүртүүнү азыркы жетишкен динамиканы үзгүлтүккө учуратпастан 10 миллиард долларга чейин жеткирүү. Казак-өзбек чек арасындагы Эл аралык өнөр жай кооперация борборун ишке киргизүү товар жүгүртүүнү өркүндөтө алат», — деди Нуртлеу.

Ал Казакстанда 500 миңдей өзбек, Өзбекстанда 800 миңге жакын казак бар экенин айтып, аларды эки өлкөнү байланыштырып турган «алтын көпүрө» деп атады.

Өзбек министринин Казакстанга сапары Алматыда каракалпак укук коргоочусу Акылбек Муратов (Акылбек Муратбай) кармалган учурга туш келип олтурат. (RK)

Дагы караңыз

Түркмөнстанда сүннөттөн кийин чарчап калган бала боюнча териштирүү жүрүүдө"Польшада төрөп, көчөдө калдым..." Журтташтар Европадагы мигрант келинге жардам бериштиАзык-түлүк кымбаттоодо. Өкмөт бааны кантип ооздуктайт?Евробиримдик Кызыл деңиздеги хусилерге каршы операцияга катышууну чечти