Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:05

Евробиримдик Кызыл деңиздеги хусилерге каршы операцияга катышууну чечти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери йемен хусилерине каршы деңиз операциясына кошулуу тууралуу акыркы чечимин кабыл алышканын бүгүн 19-февралда Euronews билдирди. Бул чечимге ылайык, европалык өлкөлөрдүн аскердик кемелери Кызыл деңизге жөнөтүлөт, ал жактан хусилердин соода кемелерине жасап жаткан чабуулдарына каршы күрөшөт жана кеме кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга катышат.

Алардын операциясы Aspides деген аталыш менен уюштурулат. Штабы Грекиянын Ларисса шаарынын аймагында жайгашат.

Кызыл деңизге өзүнүн кемелерин жөнөтүүгө бүгүнкү күнгө карата Германия, Франция, Италия жана Бельгия өлкөлөрү макул болушту.

Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен Х (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүнө министрлердин чечимин кубаттай турганын жазды жана "Бул чечим кризиске каршы жооп гана эмес, Евробиримдиктин деңиздеги ишмердүүлүгүн бекемдөөгө, европалык кызыкчылыктарды коргоого карай жасалган кадам дагы", – деп белгиледи.

Кызыл деңиздеги кеме кыймылын коргоо боюнча европалык миссияны түзүү 16-январда алдын ала макулдашылган. Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн аскерлери Баб-эл-Мандеб кысыгында буга чейин иштеп жаткан АКШнын жана Улуу Британиянын аскердик-деңиз күчтөрү менен тыгыз кызматташтыкта иштей турганы белгиленген.

Аймактагы Йемен өлкөсүнүн түндүк бөлүгүн, анын жээгин хусилердин исламга жамынган "Ансар Алла" радикал тобу көзөмөлдөйт. Топ түзгөн өкмөттү дүйнөнүн басымдуу көпчүлүгү тааныган эмес.

Былтыр жыл соңунда хусилер Израилдин ХАМАС тобуна (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) каршы согушунда аталган топту колдой турганын, ХАМАСтын катарында согушарын жарыялашкан жана Кызыл деңиздеги соода кемелерин аткылай башташкан. Адистердин айтымында, алардын чабуулуна Израилге тиешеси жок кемелер жана танкерлер кабылууда.

Кызыл деңиз жана Баб-эл-Мандеб кысыгы аркылуу дүйнөдөгү соода кеме кыймылынын 12%, контейнер менен жүк ташуунун 30% өтөт. Хусилердин чабуулдарынан кийин аталган аймак аркылуу кеме менен жүк ташыган компаниялардын көбү башка жолдорду тандай башташкандыктан баалар кыйла көтөрүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG