Өткөн жылы Евразия экономикалык биримдигинде баалар өстү

Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин картасы.

2023-жылы Евразия экономикалык биримдигине (ЕЭАБ) кирген бардык мамлекеттерде азык-түлүккө кирбеген товарлар кымбаттаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Беш өлкөнүн ичинен максималдуу өсүш Кыргызстанда катталып, ал 10,4 пайызды түздү. Азык-түлүккө кирбеген товарлар Кыргызстандан тышкары Казакстанда 8,6 пайызга, Орусияда 6,2%, Беларуста 3,1 пайызга кымбаттаган. Эң төмөнкү баалардын өсүшү Арменияда (0,6%) катталды.

Маалыматтарга караганда, биримдикке кирген беш өлкөнүн ичинен азык-түлүк Казакстанда баарынан кымбаттап, алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын кошкондо баалар эң көп өлчөмдө - 8,2 пайызга жеткен. Тамак-ашка болгон баанын өсүшү андан кийин Орусияда (8,1%), Беларуста (6,9%) жана Кыргызстанда (3,3%) катталган. Армениянын Статистика кызматынын маалыматы боюнча, тескерисинче, бул мамлекетте тамак-аш 4,5 пайызга арзандаган.

Кымбаттоо тенденциясы быйыл январда да сакталууда. Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин баардыгында 2024-жылдын январында өткөн жылдын декабрына салыштырганда керектөө баалары жана тарифтер өстү.

Кыргызстанда баалар быйыл январда өткөн жылдын декабрына караганда 0,2 пайызга өсүп, анын ичинен азык-түлүк товарларына баа 0,4 пайызга жогорулаган. Январда декабрга караганда баалар Арменияда 2,0 пайызга, Орусия менен Беларуста 1,3 пайызга, Казакстанда 1,1 пайызга кымбаттаган.

2024-жылдын январында ЕЭАБ мүчө мамлекеттердин керектөө секторундагы товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн инфляция деңгээли
(пайыз, өсүшү +; төмөндөшү -)

Бардык товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр

анын ичинде:

азык-түлүк
товарлар1

азык-түлүк эмес
товарлар

кызмат көрсөтүүлөр

Мурунку айга карата

Армения

1,2

2,0

-0,3

1,0

Беларус

0,8

1,3

0,4

0,4

Казакстан

0,8

1,1

0,5

0,7

Кыргызстан

0,2

0,4

0,0

0,0

Орусия

0,9

1,3

0,5

0,8

2023-жылдын январына карата

Армения

-0,9

-4,5

0,6

3,4

Беларус

5,9

6,9

3,1

7,5

Казакстан

9,5

8,2

8,6

12,3

Кыргызстан

5,9

3,3

10,4

8,4

Орусия

7,4

8,1

6,2

8,1

Инфляция боюнча маалыматка келсек, Кыргызстанда инфляция былтыркы 2023-жылдын январына караганда 5,9 пайызды түзгөн. Инфляциянын эң жогорку деңгээли январь айында Казакстанда катталып, ал 9,5 пайыз болсо, эң төмөнкү инфляция Арменияда катталып, - 0,9 пайызга азайган. Мурунку жылдын январына карата быйыл январда Орусияда инфляциянын дегээли 7,4%, Беларуста 5,9% болгон.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли
(пайыз, өсүшү +; төмөндөшү -)

Январь (2024)
декабрга (2023)

карата

Январь (2024),
мурунку жылдын
январына карата

Январдагы өсүүнүн орточо айдагы темпи

2023

2024

2023

2024

2023

2024

Армения

1,4

1,2

8,1

-0,9

1,4

1,2

Беларус

0,8

0,8

12,0

5,9

0,8

0,8

Казакстан

1,1

0,8

20,7

9,5

1,1

0,8

Кыргызстан

1,5

0,2

15,3

5,9

1,5

0,2

Орусия

0,8

0,9

11,8

7,4

0,8

0,9

* ЕЭАБге кирген мамлекеттердин Статистика кызматтарынын маалыматы боюнча.

1 Алкоголдук ичимдиктерди жана тамекини кошкондо.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) алгач 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган.

Дагы караңыз

Орусияда Навальныйды эскерүүгө чыккандар жапырт кармалуудаРамзан Кадыровдун 18 жаштагы уулу министр болуп дайындалдыКазакстанда иштеген кыргыз жарандарынын укуктарына байланыштуу ТИМ нота жиберди Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча ким күнөөлүү экени аныктала элекWSJ: Лола Каримова-Тиллаева хансарайын 36 млн долларга саттыИскендер Матраимов камакка коюлган мүлк, мандаты боюнча комментарий бердиЧаткалда кар күрткүдөн улам жолоочулар станцияда түнөштү