Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:28

Искендер Матраимов камакка коюлган мүлк, мандаты боюнча комментарий берди


Искендер Матриамов.
Искендер Матриамов.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матриамов “Азаттыкка” иниси, бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго тиешелүү делип камакка коюлган мүлк тууралуу комментарий берди.

“Оштогу үй апамдан мураска калган үй. Азыр бардык мүлктү Райымбекке байлап атат. Менин өзүмдүн да тиричилигим бар. Мен алган насыяларымды, төлөгөн акчамды да тактап койгом”, - деди ал.

Депутат Матриамов мандаты боюнча айтып, ал Кара-Суудан бир мандаттуу округдан шайланып келгенин белгиледи.

“Кечээ сүйлөгөндөрдү көрдүм. Бири мени “Райымбектин агасы” дейт, бири “иниси” дейт. Мыйзам боюнча 18ге чыккандан кийин ата-энеси баласына да жооп бербейт. Агасы инисине да жооп бербейт. Ал (Райымбек Матраимов) өзүнүн ишине өзү жооп берет. Мен өзүмө жооп берем”.

Коомчулукта Жогорку Кеңештеги Райымбек Матраимов менен байланышы бар депутаттар да жооп бериши керек деген пикирлер да бар. 15-февралда Region TV телеканалында да ушундай өңүттөгү видеоматериалдар чыгып, айрым саясат талдоочулар Искендер Матраимов мандатын тапшырышы керек экенин айтышкан.

2021-жылы Райымбек Матраимов менен чогуу соттолуп, айып пул төлөгөн Абдыбахаб Боронбаев 14-февралда депутаттык мандатын тапшырган.

Өткөн аптада УКМК Райымбек Матраимовдун 34 млн 810 миң 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөнүн билдирген. Анын ичинде Бишкек менен Ош шаарларындагы кымбат үйлөр, коммерциялык имараттар, Чүй жана Ош облусундагы эки бажылык каттоо жери көрсөтүлгөн.

Ош облусунун Кара-Суу районунда Райымбек Матраимовго тиешелүү делген 26 кыймылсыз мүлк камакка коюлганы белгилүү болду.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында кыргыз бажысында башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 млрд сом төгүп берген.

УКМКнын төрагасы Ташиев Райымбек Матраимовду жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө “мафия түзгөн” деп айыптаган.

Учурда Райымбек Матраимов каякта экени белгисиз. (BTo)

XS
SM
MD
LG