Садыр Жапаров Ооганстандагы негизги үч көйгөйдү атады

Президенттин администрациясы тараткан сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн Ооганстан боюнча аймактык диалогдун катышуучулары менен 16-февралда жолукту. Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууга Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандын коопсуздук кеңештеринин өкүлдөрү катышкан.

Анда Жапаров Ооганстандагы эң башкы үч көйгөй катары терроризм, наркотрафик жана экономиканын чабалдыгын атаган.

Жамааттык коопсуздук келишим уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагында Ооганстандагы маселелер боюнча кызматташуунун жарамдуу модели калыптанганын белгиледи.

“Президент Садыр Жапаров Ооганстандын улуттук банкынын эсеби жабылган активдери ооган элинин жыргалчылыгы үчүн тез арада пайдаланууга берилиши керек деген пикирин билдирди. Жапаров Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам уюштуруп, Герат провинциясындагы жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жана географиялык жактан обочолонгон, Улуу жана Кичи Памирдин бийик тоолуу аймактарында жашагандарга азык-түлүк жана дары-дармектерди жеткирүүнү улантып жатканын белгиледи”, - деп айтылат маалыматта.

Жапаров гуманитардык жана экономикалык кризисти жеңүүгө жардам берүү үчүн Ооганстан менен экономикалык жана маданий диалогду өнүктүрүүгө даяр экенин кошумчалады.

Иш-чара алдында 14-февралда Бишкекте Европа Биримдигинин жана Борбор Азия мамлекеттеринин Ооганстан боюнча атайын өкүлдөрүнүн жана чабармандарынын бешинчи жолугушуусу өткөн. Ага Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Баш катчысынын атайын өкүлү жана БУУнун Ооганстанга көмөктөшүү боюнча миссиясынын башчысы Роза Отунбаева да катышкан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жолугушуунун катышуучулары Ооганстандагы азыркы абалды, окуяларды, Катардын борбор шаары Дохада өтө турган экинчи эл аралык жыйынга карата БУУ алкагында уюштурулуп жаткан иштердин жүрүшүн талкуулаганын билдирген.

2021-жылы 15-августта "Талибан" Кабулда бийликти басып алган, 31-августта АКШнын аскердик күчтөрү бул өлкөдөн чыгып кеткен. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Кыргызстан "Талибан" өкмөтүн расмий тааныбай турганын, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл экенин билдирген.

Дагы караңыз

Кыргызстан бир жылда чет жакка 20 тоннадан ашык алтын саттыИскендер Матраимов камакка коюлган мүлк, мандаты боюнча комментарий бердиКүн сууктаганына байланыштуу мектептер кыскартылган график менен иштейтТИМ Бишкекке Польшанын консулдугун ачуу талкууланып жатканын билдирди