Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

ТИМ Бишкекке Польшанын консулдугун ачуу талкууланып жатканын билдирди


Польшанын туусу.
Польшанын туусу.

Тышкы иштер министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин кыргызстандыктарга Польшага баруу үчүн эмгек визасын алууну жеңилдетүү тууралуу сунушуна жооп берди.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда бул багытта иштер жүрүп жатат.

Министрликтин жетекчилиги былтыр сентябрда жана быйыл январда Польшанын Алматы шаарындагы Башкы консулу Ю.Тымановский менен аталган маселе боюнча бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Мындан тышкары жакында Алматыда башкы консулдуктардын деңгээлинде Бишкекке Польшанын консулдугун ачуу талкуулана турганы жазылган.

ТИМ учурда Польшанын кыска мөөнөттүү визалары Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги аркылуу берилип жатканын тактады.

Жогорку Кеңештин 15-февралдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев кыргызстандыктарга Польшага барып иштөөгө мүмкүнчүлүк болуп жатканын, бирок алардын виза алуусунда кыйынчылыктар жаралганын көтөргөн. Бул багытта Тышкы иштер министрлиги тиешелүү иштерди алып барышы керектигин белгилеген.

Соңку жылдары COVID-19 илдетинен жана Орусиянын Украинага согуш ачкандан кийин Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандын миграция агымы Европа, АКШ жана Азиянын өнүккөн өлкөлөрүнө бурулган.

Өткөн аптада Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Британиядагы сезондук жумуштарга барып иштөө үчүн жети саат ичинде 26 миңден ашуун кыргызстандык арыз бергенин билдирди. Буга чейин Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер “Азаттыкка” курган маегинде 2023-жылы ал жакта 10 миң кыргызстандык иштегенин маалымдаган.

XS
SM
MD
LG