Кара-Сууда Матраимовго тиешелүү делген 26 мүлк камакка алынды

Оштогу JAMBY бизнес борбору

Ош облусунун Кара-Суу районунда бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовго тиешелүү делген 26 кыймылсыз мүлк камакка алынганы белгилүү болду.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Кара-Суу райондук каттоо кызматынын башчысынын орун басары Мухамедали Мамашев билдирди. Анын сөзүнө караганда, камакка алынган мүлктүн арасында “Исмаил ата” атындагы мечит, “Исмаил ата” чайканасы да бар.

“Атайын кызматтын 2024-жылдын 19-январдагы 487-номурлуу каты менен Кара-Суу районунда биздин кызматтан каттоодон өткөн 26 мүлк бирдиги камакта турат. Анын ичинде үйлөр, мамлекеттен үлүшкө алган жерлери да камакка алынган”, - деди ал.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнө тиешелүү Ош шаарындагы үйгө 14-февралда мөөр басып кеткен. Турак жай Ош шаарынын Супаналиев көчөсүндө жайгашкан.

Райымбек Матраимовго тиешелүү деп айтылган Оштогу JAMBY бизнес борбору да жакында эле жабылып, кайра иштей баштаганын ошол жерде эмгектенген бир канча адам тастыктады. Бирок ал кандай себептер менен жабылып, ачылганы тууралуу расмий маалымат чыккан эмес.

Өткөн аптада УКМК Райымбек Матраимовдун 34 млн 810 миң 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине алынганын билдирген. Анын ичинде Бишкек менен Ош шаарларындагы кымбат баалуу үйлөр, коммерциялык имараттар, Чүй жана Ош облусундагы эки бажылык каттоо жери көрсөтүлгөн.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 млрд сом төгүп берген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовду жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө “мафия түзгөн” деп айыптаган.

Райымбек Матраимов өзү каякта экени белгисиз. Анын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 16-февралда “Азаттыкка” берген комментарийинде “бардык мүлктүн баарын Райымбек Матраимовдуку дей берген туура эмес экенин” айтты. (BTo/DSh)

Дагы караңыз

Күн сууктаганына байланыштуу мектептер кыскартылган график менен иштейтЖапаров Мишустин менен ЕАЭБ ичиндеги маселелер жөнүндө сүйлөштүCPJ: Былтыр дүйнөдө 99 кабарчы каза болду, бул 2022-жылга салыштырганда 44% көп ФИФАнын рейтингинде Кыргызстан 6 тепкич артка кетип, 104-орунду ээледиИзраил атайын аскерлери Газанын Насер ооруканасына киргенин билдирдиБишкекте жасалма 45 миң долларды сатып жиберген топ кармалдыСооронкулова Кемпир-Абад иши боюнча процесс адвокатсыз улантылганын “мыйзам бузуу” деп атады