Күн сууктаганына байланыштуу мектептер кыскартылган график менен иштейт

Бишкек шаардык мэриясынын жыйыны.

Бишкек шаарында мэр Айбек Жунушалиевдин жетекчилиги алдында жылуулук жана электр тармактарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо жана шаардык кызматтарды алдыдагы аба ырайынын өзгөрүшүнө даярдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) караштуу Гидрометеорология кызматы 16-февралда Кыргызстандын аймагында күн кескин сууктап, 17-февралдан баштап аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөрүн эскерткен. Суук аба ырайы кыска мөөнөткө созулары айтылган.

Жыйында Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) штаттык режимде иштеп жатканы, катуу суук болгон учурда борбор калаанын тургундары жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздалары айтылды.

Мэр мындан тышкары шаардагы бардык кызматтардын жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине шаардын ичинде болууну жана кырдаал боюнча ӨКМдин штабына билдирүүнү, жооптуу кызматкерлерди күчөтүлгөн режимде нөөмөткө коюуну тапшырды.

Күтүлүп жаткан суук аба ырайына байланыштуу Билим берүү департаментине мектептерде окуунун кыскартылган графигине өтүү, бала бакчаларда ата-энелердин каалоосу боюнча балдарды калтыруу тапшырмасы берилди.

Маалыматта айтылгандай, 17-19-20-февралда мектептерде биринчи нөөмөт саат 9:00дө башталат. Ал эми экинчи нөөмөт саат 16:00дө бүтүшү керек. Сабак 30 мүнөткө гана созулат.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелген. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери дароо башталган, азыр уланууда. Жылуулук жана ысык суу берүү кайра калыбына келтирилген.

Президент Садыр Жапаров кырсык болгон күнү Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча улуттук “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде ЖЭБди толугу менен модернизациялоо тапшырмасын бергенин айткан. Кийин модернизациялоонун төрт варианты иштелип чыккан.

ЖЭБдеги аварияны изилдөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлүп, аны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектеп жатат. Башкы прокуратура окуя боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жүргүзүүдө.

Кырсыктан беш адам жабыркап, Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга жөнөтүлгөн. (ErN)

Дагы караңыз

Жапаров Мишустин менен ЕАЭБ ичиндеги маселелер жөнүндө сүйлөштүCPJ: Былтыр дүйнөдө 99 кабарчы каза болду, бул 2022-жылга салыштырганда 44% көп ФИФАнын рейтингинде Кыргызстан 6 тепкич артка кетип, 104-орунду ээледиИзраил атайын аскерлери Газанын Насер ооруканасына киргенин билдирдиСооронкулова Кемпир-Абад иши боюнча процесс адвокатсыз улантылганын “мыйзам бузуу” деп атадыБишкекте жасалма 45 миң долларды сатып жиберген топ кармалды