Жапаров Мишустин менен ЕАЭБ ичиндеги маселелер жөнүндө сүйлөштү

Михаил Мишустин менен Акылбек Жапаров. Москва, Орусия. 15-февраль, 2024-жыл.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Москва шаарына барып, Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустинге жолукту. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн сайты кабарлады.

Жапаров менен Мишустин кыргыз-орус соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Анда энергетика, өнөр жай, транспорт, маданий-гуманитардык тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ), Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) жана башка көп тараптуу форматтардын алкагында өз ара кызматташууну мындан ары тереңдетүү маанилүү экенин белгилешти.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы Акылбек Жапаров Москвада башка кимдер менен жолугарын жана кандай жыйындарга катышарын тактаган жок.

Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.

Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт багытта эркиндик берилерин жарыялаган. Алар: жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү. Уюм ичинде фитосанитардык нормалар жана талаптар бар. Бул аралыкта уюмдагы өлкөлөр, анын ичинен Кыргызстан аталган принциптердин сакталбай жатканына байланыштуу өнөктөштөрүнө бир нече ирет доомат арткан. (ErN)

Дагы караңыз

CPJ: Былтыр дүйнөдө 99 кабарчы каза болду, бул 2022-жылга салыштырганда 44% көп ФИФАнын рейтингинде Кыргызстан 6 тепкич артка кетип, 104-орунду ээледиИзраил атайын аскерлери Газанын Насер ооруканасына киргенин билдирдиСооронкулова Кемпир-Абад иши боюнча процесс адвокатсыз улантылганын “мыйзам бузуу” деп атадыБишкекте жасалма 45 миң долларды сатып жиберген топ кармалды"Тез жардамдын" жетекчилиги 18 млн сомду маяна катары мыйзамсыз алып алганы аныкталды