Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулардын бири, Конституциялык соттун экс-судьясы, үй камагындагы Клара Сооронкулова соңку соттук отурумдун адвокаттардын катышуусуз улантылышын “Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстин талаптарын одоно бузуу” деп баалады. Бул тууралуу пикирин ал “Азаттык” радиосуна билдирди.
“Алар айыптоо актысына формалдуу мамиле жасап жатышат. Айыптоо актысы эң негизги документ. Ошол жерде баары – сенин күнөөңдүн далилдери, жагдайлар, тергөөнүн жыйынтыгы чогулган. Судья өкүм чыгарганда айыптоо актысын негизге алат. Мыйзамда “жактоочусу катышуусу керек” деп, так көрсөтүлүп турат. Бирок Чыңгыз Капаров менен Рита Карасартованын айыптоо актысы окулуп жатканда алардын адвокаттары катышкан жок. Айыптоо актысы окулуп бүткөндөн кийин судья өзү “туура эмес иш болуп калды” деп айтты. Бул абдан чоң укук бузуу болуп калды. Прокурор “иш аябай созулуп кетти, сотко өткөндөн бери жарым жылдан ашык убакыт өтүп кетти, процедураларды сактайм деп процессти аябай созуп жибердиңиз” деп судьяга кысым кылды. Судья болсо прокурорлордун басымы менен “окулсун” деп койду”, – деди Клара Сооронкулова.
14-февралдагы соттук жараянда 4 айыпталуучуну жактап жаткан адвокат ооруп калып, соттук отурумга келген эмес. Судья отурумду анын катышуусуз улантуу чечимин чыгарган. 10 айыпталуучу буга нааразылык билдирип, кыйкыргандан улам сот аларды залдан чыгарууну чечкен. Алар залдан чыгууга каршылык билдирип, ызы-чуу чыккан.
Тыныгуудан кийин айыпталуучулардын айрымдары келбей калган. Сот мыйзамда прокурорлорго айыптоо актысын окууга уруксат берген.
Адвокаттар муну Жазык-процесстик кодексинин нормаларын жана айыпталуучулардын укуктарын бузуу катары баалашууда. Соттук процесстен кийин айыпталуучулар Илгиз Шаменов, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров жана башкалар билдирүү таратып, муну кескин айыпташты.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту соңку соттук отурум адвокаттардын катышуусуз улантылганына 15-февралда түшүндүрмө таратты. Мекеме бул иш боюнча 22 соттук отурум өткөнүн, анын 11и адвокаттар келбей калгандыктан, 7си айыпталуучулар келбей калгандыктан жылып кеткенин тактаган. Дагы 3 ирет адвокаттардын материалдар менен таанышуу өтүнүчүнөн улам кароо артка жылган. Түшүндүрмөдө сот ушул жагдайларды эске алуу менен кароону улантууну чечкени, адвокаттары келбей калган айыпталуучулардын иши токтотулуп турары айтылган.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 11 киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.
Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.
Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (ErN)
Дагы караңыз
Орусияда сот президенттикке талапкер Надеждиндин арызын канааттандырган жокКазакстанда саясий туткун аталган активист абактан бошотулду"Тез жардамдын" жетекчилиги 18 млн сомду маяна катары мыйзамсыз алып алганы аныкталдыЛатвияда номуру орусиялык машиналарды конфискациялоо мыйзамы иштей баштады “Кемпирабадчылар” соттон президент баштаган аткаминерлерди күбө катары суроону талап кылышты