Орусиянын Украина менен чек арасындагы Белгород облусунда бүгүн 15-февралда ракеталык чабуулдан кеминде беш кишинин өмүрү кыйылганын, дагы 18 киши жараат алганын облус губернатору Вячеслав Гладков билдирди. Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, 14 реактивдүү снаряд кармалды.
Мерт болгондордун бирөө бала экени, жараат алгандар арасында да балдар бар экени айтылды.
«Белгород шаарында жети үйдүн терезелери, чатырлары, дарбазалары талкаланды. Көп кабаттуу беш үйдөгү батирлердин да терезелери күбүлүп түштү, беш машина жабыркады. Снаряддын сыныктары бир дүкөндүн жана өнөр жай ишканасынын имаратына тийиптир», — деп жазды Гладков телеграм-каналына.
Бул үчүн Орусия Украинаны айыптоодо.
Анын алдында, бейшембиге караган түнү Украина Орусиянын жапырт ракеталык чабуулуна кабылганын, бир нече адам жараат алганын, жарандык инфраструктура объектилери талкаланганын кабарлаган.
Белгородго соңку ири чабуул 30-декабрда жасалган, анда 25 адамдын, алардын арасында беш баланын өмүрү кыйылган, 100дөй жергиликтүү тургун жараат алган.
Ал эми 29-декабрда Украина согуш башталгандан бери эң оор чабуулдардын бирине кабылган. Бул күнү Орусия анын бир катар аймагын болгон куралы менен аткылаган, жалпысынан 40ка жакын жай тургунун өлтүргөн, 150дөн ашуун кишини жарадар кылган. Киев, Львов, Одесса, Харьков, Запорожье, Днепр шаарларына орус армиясы ракетанын ар кандай түрлөрү, дрондор менен сокку урган. (RK)
Дагы караңыз
"Картөшкөнү азайтабыз". Ысык-Көлгө кызылча эгүү сунушталдыТогуз-Тородо хоккей аянтчасы ишке берилдиБиринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши адвокаттарсыз каралганына түшүндүрмө бердиСадыр Жапаров 20 млн долларлык мүлкүн мыйзамдаштырып, мамлекетке 1 млн сом төлөгөнүн айтты