Путин Трампка караганда Байденди "тажрыйбалуу" саясатчы деп сыпаттады

Путин жана Байден. 2021-жылдын 16-июну.

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын азыркы мамлекет башчысы Жо Байдендин эмне кыларын экс-президент Дональд Трампка караганда "алдын ала баамдап турса болорун" билдирди. 14-февралда «Россия 1» телеканалына курган маегинде 2024-жылкы АКШдагы шайлоодо кимиси утса, Кремль ошол жетекчи менен иштөөгө даяр экенин айтты.

Орусия АКШнын президенти катары 81 жаштагы демократ Байдендиби же 77 жаштагы республикачы Трампты көргүсү келеби деген суроого жооп берип жатып Путин азыркы президентти "тажрыйбалуу", "кандай саясат жүргүзөрү алдын ала белгилүү" жана «эски мектептен чыккан» саясатчы деп сыпаттады.

Байдендин жаш курагына жана саламаттыгына байланыштуу ар кандай божомол айтылып жатканы боюнча суроого эки лидер үч жыл мурда жолукканда «андай эч нерсесин байкабаганын» айтып жооп берди.

Путин менен Байдендин соңку жолугушуусу 2021-жылы июнда Женевада өткөн. Анда алар төрт саат сүйлөшкөн. АКШда кезектеги президенттик шайлоо быйыл күзүндө өтөт. (RK)

Дагы караңыз

Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши адвокаттарсыз каралганына түшүндүрмө бердиСадыр Жапаров 20 млн долларлык мүлкүн мыйзамдаштырып, мамлекетке 1 млн сом төлөгөнүн айттыТогуз-Тородо хоккей аянтчасы ишке берилдиМилиция төрөттөн каза болгон келиндин өлүмү боюнча териштирүү баштады