Эмилбек Абдыкадыров президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы кол койгону 14-февралда расмий кабарланды.
65 жаштагы Абдыкадыров бул кызматка былтыр 10-ноябрда дайындалган. Ага чейин бир жылдан ашуун Бишкектин мэри болгон.
2021-жылы №21 Талас шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. 2020-жылы Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта логистикалык борбор куруу ниетин билдирген кытайлык ишкердин өнөктөшү болгон. Логистикалык борбор жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам салынбай калган.
Бишкек шаарында анын тушунда коомдук транспорттун реформасы башталган – автобустар үчүн алгачкы жолу өзүнчө тилке ачылып, жол кире накталай эмес формага өткөн.
Февралдын башында "Азаттыкка" курган маегинде Ысык-Көлдүн жээгинде салына турган “Асман” шаарынын курулушу инвестор келе электигинен кечигип жатканын билдирген. (SE)
Дагы караңыз
Райымбек Матраимовдун Оштогу үйүнүн дарбазасына мөөр басылды Брюсселде Украина боюнча жыйын өтүүдө, Селидово шаарында Орусиянын чабуулунан үч киши каза болду Каркыра кеткенде ыйлаган Дооронбек Садырбаев