Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:57

Брюсселде Украина боюнча жыйын өтүүдө, Селидово шаарында Орусиянын чабуулунан үч киши каза болду


Рамштайн тобунун отуруму. Архивдик сүрөт.
Рамштайн тобунун отуруму. Архивдик сүрөт.

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде бүгүн 14-февралда Украинаны коргоо боюнча байланыш тобунунун (UDCG) жыйыны өтүүдө.

Курамына Украинанын союздаш өлкөлөрү кирген, «Рамштайн форматы» деп да аталып калган топтун жыйыны АКШнын коргоо министри Ллойд Остиндин төрагалыгы менен өтмөк, бирок ал ооруканага жатып калгандыктан катыша алган жок.

Брюсселдеги бүгүнкү отурумга НАТОго мүчө 31 өлкө жана Украинанын башка да 23 союздашы катышууда.

Отурумдан кийин НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйыны өтөт.

Бүгүн 14-февралда Орусиянын Украинанын Донецк облусунун чыгышындагы Селидово шаарына жасаган соккуларынан кеминде үч киши каза болду, дагы 12 киши жараат алды, ондогон үй жана оорукана талкаланды.

Соңку апталарда Орусия Украинанын аймагына ракеталык жана дрон чабуулдарын күчөттү. (RK)

XS
SM
MD
LG