Пакистан: Ханды колдогондор башкаруучу коалицияга кирбей калды

Пакистан. 2024-жылдын 12-февралы.

Пакистанда өткөн аптадагы парламенттик шайлоодо көпчүлүк добуш ала албай калган мурдагы премьер-министр Наваз Шарифтин «Пакистан мусулман лигасы» партиясы киши колдуу болгон мурдагы премьер-министр Беназир Бхуттонун уулу Билавал Бхутто-Зардари жетектеген “Пакистан элдик партиясы» жана башка бир нече майда партия менен биригип, өлкөнү башкара турган коалиция түзүп жатканын жарыялашты.

Аталган эки партия тең 2022-жылы ошол кездеги премьер-министр Имран Ханды кызматтан кетирүүгө биргелешип катышкан.

Пакистанда парламенттин төмөнкү палатасы Улуттук ассамблеяга шайлоо 8-февралда саясий чыңалуу жана зомбулук күчөгөн шартта өткөн. Анын алдында бир нече аймакта жарылуу болуп, ондогон адамдын өмүрү кыйылган.

Бул өлкөнүн парламенти эки палатадан турат – Сенат жана Улуттук ассамблея. Бул жолку парламенттик шайлоого 44 партия катышты.

Азыр абакта отурган мурдагы өкмөт башчы Имран Хандын “Адилеттик үчүн кыймыл” партиясынын колдоосуна таянган өз алдынча аттанган талапкерлер бул шайлоодо добуштардын көбүнө ээ болушту.

Коррупциядан тартып, мыйзамсыз үйлөнгөн деген бир нече айып тагылып, 31 жылга түрмөгө кесилген Хандын партиясы шайлоо бюллетендеринен чийилип салган. (RK)

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурумда ызы-чуу чыктыКемпир-Абад иши: соттук отурум айыпталуучулардын катышуусуз уландыКаркыра кеткенде ыйлаган Дооронбек СадырбаевБШК депутат Абдыбахаб Боронбаевди мандатынан ажыратты