Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Кемпир-Абад иши: соттук отурум айыпталуучулардын катышуусуз уланды


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып тергөө абагында жаткандар. Мунун ичинен Бектур Асанов гана тил кат менен бошоду. Калган айыпталуучулар үй-камагында.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып тергөө абагында жаткандар. Мунун ичинен Бектур Асанов гана тил кат менен бошоду. Калган айыпталуучулар үй-камагында.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча 14-февралдагы отурумун тыныгуудан кийин айыпталуучулардын катышуусуз улантты. Бул тууралуу аталган иш боюнча айыпталып жаткандардын бири Марат Баязовдун жактоочусу Эркин Сааданбеков “Азаттыкка” билдирди.

Түшкө чейинки отурумда айыпталуучулардын дагы бири Илгиз Шаменовдун адвокаты ооруп калып, отурумга келбей калганы маалым болгон. Мындан сырткары Кемпир-Абад иши боюнча жабырлануучу катары өтүп жаткандар да келген эмес. Сот ага карабай ишти кароону улантууну чечкендиктен айыпталуучулар бул кадамды “мыйзамсыз” деп атап, кыйкырык-сүрөөнгө алышкан. Натыйжада аларды кайтарып жүргөн сакчылар менен түртүшүү орун алган.

Ызы-чуудан кийин процессте тыныгуу жарыяланган. Тыныгуудан соң айыпталуучулар Тергөө абагынан соттук отурумга алып келинген эмес. Прокурорлор айыптоо актысын айыптоочулардын катышуусуз окуп жатат. Адвокаттар муну Жазык-процесстик кодексинин нормаларын жана айыпталуучулардын укуктарын бузуу катары баалашууда.

Мурдагы – 31-январдагы отурум да болбой калган. Ага бул иш боюнча шек саналып аткан саясатчы Бектур Асановдун Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 дарылоо мекемесинде жатканы жана үй камагындагы эки адамдын ооруп калганы негиз болгон.

Улуттук госпиталда моюн омурткаларына операция жасалган Бектур Асановду сот 7-февралда эч жакка чыкпоо тил каты менен абактан бошоткон.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 11 киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (ErN)

XS
SM
MD
LG