Жогорку Кеңеш Дүйнөлүк банктан Камбар-Ата-1 ГЭСи үчүн 5 млн доллар алууну колдоду

Камбар-Ата-1 ГЭСинин башкы планындагы карта. Станция Нарын дарыясынын Жалал-Абад облусунан агып өткөн бөлүгүнө, Токтогул ГЭСинен жогору жакка курулат.

14-февралда Жогорку Кеңеш Дүйнөлүк банктан Камбар-Ата-1 ГЭСи үчүн 5 млн АКШ долларын алуу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин сайты кабарлады.

Долбоорду 5-февралда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жактырган.

Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы Камбар-Ата-1 гидроэлектр станциясынын (ГЭС) долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга 5 миллион АКШ долларын бөлөрү былтыр күздө маалым болгон. Ошол маалда мекеменин сайтында жазылгандай, Дүйнөлүк банктын Аткаруучу директорлорунун кеңеши бул чечимди 31-октябрда бекиткен.

Тиешелүү макулдашууга 14-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын финансы министри Алмаз Бакетаев жана Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хассан Накви кол койгон.

Каражат жеңилдетилген насыя жана грант катары берилет. Анын ичинде 3 миллион доллар 10 жылдык жеңилдик мезгилин эске алганда 50 жылга пайызсыз карыз катары бөлүнөт. Калган 2 миллион доллар көп тараптуу донордук грант түрүндө берилет.

Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун утурлаган инфраструктураны салуу иштерин өз алдынча 2022-жылы баштаган. Президент Садыр Жапаров станциянын курулушунун башталышына ошол жылдын 8-июнунда старт берген.

Кийин, 2023-жылдын январь айында Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Казакстандын энергетика министрлери Камбар-Ата-1 ГЭСин чогуу куруу боюнча жол картасына кол коюшкан. Мындан тышкары расмий Астана менен Ташкент биргелешкен ишкана түзүү демилгесин колдошкон.

Биргелешкен ишкана Камбар-Ата-1 ГЭСи курулуп бүткөндөн кийин ГЭСти башкарары жана анын 34% акциясы Кыргызстанга таандык болору, ал эми Казакстан менен Өзбекстан 33% алып, жалпы 66% ээлик кылып калары айтылган. Бул жагдайга байланыштуу талаш-талкуу чыгып, башкаруу Кыргызстанда калышы керек дегендер болгон.

Баштапкы маалыматтарда ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. Станция толук курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Бул Кыргызстандагы ушул таптагы эң ири Токтогул ГЭСинен чоң дегенди түшүндүрөт. (ErN)

Дагы караңыз

Израил Каирде өтүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн чыгып кеткени кабарландыБайден Украинага каржылык жардам камтылган мыйзам долбоорун тезирээк кабыл алууга чакырды  Украина Орусиянын дагы бир десанттык кемесин жок кылганын билдирдиКемпир-Абад иши боюнча соттук отурумда ызы-чуу чыктыАкыйкатчы USAID өкүлү менен жолукканда эрте нике маселесин көтөрдү