Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:34

Украина Орусиянын дагы бир десанттык кемесин жок кылганын билдирди


«Цезарь Куников» кемеси. Архивдик сүрөт.
«Цезарь Куников» кемеси. Архивдик сүрөт.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы бүгүн 14-февралда Кара деңизде Орусиянын «Цезарь Куников» десанттык кемеси жок кылынганы тууралуу маалыматты тастыктады жана ошол учурда ал деңиздин Украинага таандык аймагында болгонун белгиледи.

Мекеменин маалыматына караганда, кемеге жасалган чабуулда „Magura V5“ деңиз дрондору колдонулду, анын сол капталы жабыркап, чөгө баштаган.

Орусия бул боюнча азырынча расмий комментарий бере эллек.

Украинаны Аскердик-дениз күчтөрүнүн командачысы Алексей Неижпапа 11-январда «Украинская правдага» курган маегинде Орусиянын желеги астында дүйнөлүк океандын кайсы жеринде сүзүп жүргөн кайсы гана кеме болбосун, Украинанын “мыйзамдуу бутасы” экенин айткан.

2023-жылдын декабрында Орусия окуппациялап алган Крымдагы Феодосия портунда Орусиянын «Новочеркасск» десанттык кемеси, быйыл февралда Кара денизде Орусиянын "Ивановец" ракеталык катери жок кылынган.

Орусиянын Кара деңиздеги флагманы болгон "Москва" 2022-жылы апрелде Кремль Украинага кол салган алгачкы айларда украин аскерлеринин чабуулунан кийин чөгүп кеткен. Бул окуя согуш башталганда Кара деңиздин жээгиндеги өз аймактарынын көбүн башкара албай калган Украинанын алгачкы ири жеңиши болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG