Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:31

Байден Украинага каржылык жардам камтылган мыйзам долбоорун тезирээк кабыл алууга чакырды  


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден Конгресстин Өкүлдөр палатасын Украинага каржылык жардам камтылган мыйзам долбоорун тезирээк кабыл алууга чакырды.

13-февралдагы чукул кайрылуусунда Байден Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсонду аталган мыйзам долбоорун тез арада добушка коюуга үндөдү.

«Кошмо Штаттар Украинага колдоо көрсөтүү үчүн дээрлик 50 өлкөдөн турган коалиция түздү. Биз НАТОну бириктирдик, аны кеңейттик. Биз азыр баарын таштап басып кете албайбыз. Путин ошондой болушун каалап жатат», - деди АКШ президенти.

Республикачы Жонсон шейшембиде Сенат кабыл алган долбоордун келечегинен күмөн санап, анда АКШнын чек ара коопсуздугу боюнча жоболор камтылбаганын сындаган.

АКШ Конгрессинин демократтар үстөмдүк кылган жогорку палатасы – Сенат 13-февралда Украинага, Израилге жана Тайванга жалпысынан 95 миллиард долларлык каржылык жардам камтылган мыйзам долбоорун кабыл алган.

Эми документ Конгресстин республикачылар көпчүлүктү түзгөн Өкүлдөр палатасынын кароосуна жөнөтүлөт. Ал жакта бул мыйзам долбоору колдоо табарына шарт кыйла азыраак экени айтылып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG