Депутат Абдыбахаб Боронбаев мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз жазды

Абдыбахаб Боронбаев

Жогорку Кеңештин “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынын депутаты Абдыбахаб Боронбаев мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазды. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШКнын мүчөлөрү ырастады.

Боронбаев эмне себептен депутаттыктан кетип жатканы белгисиз. БШК анын арызын карай элек.

Мурдагы бажычы Абдывахаб Боронбаев парламенттеги бийликчил “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен шайланып, депутаттык мандатты 2022-жылы алган. Боршайкомдун жыйынында Боронбаевдин соттуулугу жок экени айтылган.

Абдывахаб Боронбаев 1968-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун Телман айылында төрөлгөн. Эгемендик жылдары Кара-Суу райондук керек-жарак коомунун товароведи болуп эмгектенип, 1996-жылдан 2020-жылга чейин Бажы кызматында ар кайсы кызматтарда иштеген. Кезинде Түштүк-Батыш бажысынын жетектеген.

“Азаттык” радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери 2019-жылы кыргыз бажысындагы миллиондогон каражатты кымырган схемаларды аныктап чыгышкан. Иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов камалып, мамлекетке 2 млрд сом төгүп, кайра бошотулган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет (УКМК) бажыдагы коррупция боюнча Райымбек Матраимов менен чогуу коррупциялык схема уюштурган деп 38 бажы кызматкерине кылмыш иши козголгонун билдирген.

Бажыдагы коррупция боюнча кылмыш ишинде тергөө менен кызматташууга барган Райымбек Матраимов, Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев, Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы башчысы Абдыбахаб Боронбаевдер күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган. Анда Нурлан Ражабалиев 12 млн. сом, Абдыбахаб Боронбаев 8 млн. сом бюджетке төккөнү маалымдалган.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.

Ага чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовду жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө “мафия түзгөн” деп айыптаган.

Экс-бажычы Райымбек Матраимов жана анын жакындары акыркы окуялар тууралуу комментарий бере элек. Ал өзү каякта экени белгисиз. (ErN)

Дагы караңыз

Бишкектеги "Ош базарынын" ичиндеги эт базардын жетекчилери кармалдыТаласта 132 дарыгердин орду бош туратБишкекте беш автобус айдоочусу жол эрежесин бузганы үчүн жумуштан кеттиБекешев жөлөк пулга жетпеген акча банк сатып алууга кайдан табылып жатканын сурадыЫсык-Көлдө тоодо калган өспүрүмдөр куткарылды