Ысык-Көлдө тоодо калган өспүрүмдөр куткарылды

ӨКМдин куткаруучусу өспүрүм менен. 13-февраль, 2024-жыл. ӨКМдин сүрөтү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 13-февралда Бостери айылынын Тегерек жайлоосуна чыгып, түшө албай калган төрт бала куткарылганын маалымдады.

Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, алардын бири кулап кетип, бутун оорутуп алган. Жыйынтыгында тоодон түшө албай калган балдар жардам сурап кайрылган.

ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын куткаруучулары атайын техника менен барып, балдарды аман-эсен үйүнө жеткиришкен. Ал эми бутун оорутуп алган баланы Чолпон-Ата шаардык ооруканасына алып барышкан.

8-январда Балыкчы шаарындагы Озерная кѳчѳсүндөгү кѳлмѳдѳ муз тээп жатып сууга түшүп кеткен эки баланы ӨКМдин куткаруучулары аман алып чыгышкан. Төрт куткаруучу чала тоңгон көлмөнүн музун жиреп сүзүп барып, балдарды куткаруучу шаймандардын жардамы менен куткарышкан.(ZKo)

Дагы караңыз

Мажитова жоопкерчиликсиз мамиледен улам энелер өлүмү көбөйүп жатканын айттыДепутат Казакстанда кыргызстандык мигранттарга жасалып жаткан мамилени сындады“Чет элдик өкүл” долбоору кайра ЖК комитетине кайтарылдыКанада Орусияга 98 жаштагы эски ЭсЭсчи Ярослав Гуньканы берүүдөн баш тарттыКыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жаңы бекет ачылат