Өзбекстандын Наманган облусунунун Үчкоргон районунда Өзбекстанды Кыргызстан менен байланыштырган чек ара бекети курула башталганын мамлекеттик УзА агенттиги маалымдады.
Өзбекстан менен Кыргызстан былтыр аймактар аралык, анын ичинде Наманган жана Жалал-Абад облустарынын ортосундагы өз ара байланыштарды чыңдоону макулдашкан. Келишимдер өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке келгенде түзүлгөн.
Курулуп жаткан “Үчкоргон” чек ара бажы бекети Үчкоргон районундагы Учурган – Маданият жолунун 10-чакырымында жайгашкан. Ушундай эле иштер Жалал-Абад облусунун Кызыл-Туу айылындагы "Кеңсай" бажы бекетинде да жүргүзүлүүдө.
Наманган облусунун башчысы Шавкат Абдураззоков аталган чек ара бекетинин курулушунун жүрүшү менен таанышып, ишти тез жана сапаттуу бүтүрүү боюнча жетекчилерге тиешелүү тапшырмаларды бергени кабарланган.
"Оздолик" радиосу бул бажы чек ара бекетинин ачылышы Үчкоргон районунун тургундарына ыңгайлуу экенин, Наманган облусунун экономикасын, логистикасын жана тейлөө тармагын өнүктүрүүгө шарт түзөрүн жазды. Маалыматка ылайык, "Учурган" жана "Кеңсай" чек ара бажы бекеттери да быйыл ачылары болжолдонгон.
2005-жылкы Анжиян коогасынан кийин Өзбекстан Кыргызстан менен бардык чек араларын жапкан. 2017-жылы бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден кийин алгач Ош облусундагы "Достук" чек ара бекети эки элдин каттоосу үчүн ачылган.
Дагы караңыз
13-февраль: Талаштуу ЖМК мыйзамы, блогердин кармалышы, Украинага жардамСегиз эл аралык уюм Брюсселди Кыргызстандын жарандык коомун "репрессиялык" мыйзамдан коргоого үндөдүУкраина: Он айлык Пашанын сөөгү апасы менен чогуу коюлду АКШ Сенаты Украинага жардам камтылган мыйзам долбоорун жактырдыТалаштуу ЖМК мыйзамы комитеттен өткөн жок