Украина ракеталык жана дрон чабуулуна кабылды, үч киши каза болду

Днепр шаары.

13-февралда Орусиянын ракеталык аткылоосунан жана учкучсуз учактардын чабуулунан Украинанын бир нече аймагында кеминде үч кишинин өмүрү кыйылганын, энергетика тармагына залака тийгенин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аскер кызматкерлери кабарлашты.

Никопол шаарында 64 жаштагы жергиликтүү тургун набыт кеткенин, үйлөр талкаланганын Днепропетров облусунун губернатору Сергей Лысак билдирди.

Түштүктөгү Херсон аймагында 83 жаштагы кишинин өмүрү кыйылганы, эки киши жараат алганы, Харьков облусунда 55 жаштагы фермер көз жумганы, бир нече киши жарадар болгону, Запорожье жана Донецк облустары да жабыркаганы кабарланды.

Днепр шаарынын мэри Борис Филатов чабуул жарандык инфраструктурага багытталганын Фейсбукка жазды.

"Днепр Инфо" телеграм-каналынын маалыматына караганда, соккунун кесепетинен ДТЕК Енерго компаниясынын электр станциясынын жабдыгы катуу талкаланды. Компаниянын иши токтоду. Баштапкы маалыматка караганда, адамдар арасында жабыркагандар катталган жок.

Электр станциясынын иши үзгүлтүккө учурагандыктан шаардын бир бөлүгү жарыксыз калды. "Днепроводоканал" коммуналдык ишканасы ондогон үйдө таза суу менен камсыздоо токтогонун билдирди. (RK)

Дагы караңыз

Акындар - эл менен бийликтин ортосундагы көпүрөБайден Газа боюнча келишим талкууланып жатканын айттыБишкек ЖЭБиндеги жарылуу: Диверсия, теракт деген божомол жокко чыкты Депутат Кожокулова мэрлердин ыйгарым укугу кеңейиши керектигин айтты