Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт

14-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир аймактарына туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 13…18;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…+1.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1°…+1°, күндүз 13…15° жылуу болот.

Дагы караңыз

Жапаров кыргызстандыктар өнүгүүнү сезе баштаганын билдирдиОш шаарында туристтер үчүн маалымат борбору ачылдыБишкекте аялын сабоого шек саналган адам кармалдыУкраинанын Днепр шаары бүгүн да дрон чабуулуна кабылдыДепутат Кожокулова мэрлердин ыйгарым укугу кеңейиши керектигин айтты