Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:44

Бишкекте аялын сабоого шек саналган адам кармалды


Аялын сабоого шектелген адам. Бишкек, Февраль, 2024. ИИМ тараткан сүрөт.
Аялын сабоого шектелген адам. Бишкек, Февраль, 2024. ИИМ тараткан сүрөт.

Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына (РИИБ) 9-февралда шаар тургуну А.Н. кайрылып, күйөөсү Б.А. көптөн бери уруп-сабап келе жатканына даттанган.

Аталган РИИБнүн участкалык кызматкерлери буга чейин да аялга коргоо ордерин берип, күйөөсү бир нече жолу эскертүү алганы аныкталган.

"Бирок ал талаптардын бирине да баш ийбей, үй-бүлөдөгү зомбулугун уланта берген", - деп билдирди райондук милициянын басма сөз кызматы.

Милиция бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Уруп-сабоо") менен кылмыш ишин козгоп, шектүү адамды кармады. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу камоочу жайына камакка алынды.

Учурда иликтеп-тергөө иштери жүрүүдө.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматында, 2023-жылы Кыргызстанда 13 104 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн 32,6% көп. 2022-жылы жалпы өлкө боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктун 9 880 учуру катталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG