Депутат Кожокулова мэрлердин ыйгарым укугу кеңейиши керектигин айтты

Гуля Кожокулова.

Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова Бишкек шаарынын мэринин ыйгарым укуктары кеңейиши керек деген пикирде.

Мындай пикирин ал парламенттеги тармактык комитеттин жыйынында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда айтты.

Ал Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге кайрылып, анын буга чейин “KG-групп” курулуш компаниясынын үлүш ээлери менен жолугушканын мисал келтирди.

“Ошондо президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев ортодо жанында мэр менен Курулуш агенттигинин башчысы отурат. Сиз шаар башчысы катары бул ишти өзүңүз көзөмөлдөшүңүз керек. Кызматтык иерархия, субординация, мамлекеттик кызматкерлердин реестри деген түшүнүктөр бар. Менин жиним келди - кантип буга жол берилип жатат? Бул мыйзам мэрдин ыйгарым укугун начарлатпай, тескерисинче бекемдетишин каалайм”, - деди Кожокулова.

Жунушалиев жаңы сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда бири-бирине каршы келген ченемдер ирээттелип, анда шаар бийлигине байланыштуу ыйгарым укуктар бекемделгенин билдирди.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев мыйзам долбоорунда Ош, Бишкек шаарынын мэрлерине мамлекеттик мекемелердин ошол калаадагы башкармалыктарынын жетекчилерин дайындоого жана кызматтан алууга укук берүү каралып жатканын кабарлады. Буга статистика, Улуттук коопсуздук комитети, Ички иштер министрлигинин жана жарандык коргонуу, аскердик башкаруу кирбейт. Бул башкармалыктардын тизмесин Министрлер кабинети аныктай турганы жазылган.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитет бул мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

31-декабрда президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Документке ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирилип, жаңы аталыштарга ээ болгон. Коомчулукта аймактык реформанын жүрүшүнө нааразылыктар бар экени Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн.

Дагы караңыз

Балдарга арналган үч китеп кыргызчаландыЭгиз кыздарын сабаган деп шек саналган келин энелик укуктан ажыратылдыЕвробиримдиктин атайын өкүлдөрү Бишкекке иш сапары менен келишти Жумабеков: ЖМК тууралуу мыйзам Баш мыйзамга каршы келбеши керек