Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:14

Балдарга арналган үч китеп кыргызчаланды


Кыргызчаланган үч китеп.
Кыргызчаланган үч китеп.

Түркиялык балдар жазуучусу Мерт Арыктын “Менин акырам уча алат”, “Космоско барган поезд”, “Айваны жедик музейи” аттуу үч китеби кыргызчаланды. Бул тууралуу китептерди басып чыгарган “Китепстан” басма үйүнүн жетекчиси Бакыт Абдуллаев “Азаттыкка” билдирди.

Бул китептерде балдардын кыялдануусуна, өзүнө болгон ишенимге, өжөрлүк менен тартынбастыкка басым жасалган.

“Менин акырам уча алат” китебинде кичинекей Мони өзү каалаган акыранын сүрөтүн тартууну кантип үйрөнгөнү баяндалат. Ал эми “Космоско барган поезд” чыгармасында каармандар аңгеме жазуу сырларын бөлүшөт. “Айваны жедик музейи” чыныгы турмуштан алынган окуя.

Кыргызстанда соңку жылдары басма үйлөрү дүйнөлүк тилдердеги китептерди кыргызчага которо баштады.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, Кыргызстанда 2022-жылы 1367 китеп жана китепчелер басылып чыккан. Алардын басымдуусу кыргыз тилинде. Жылдык нуска 1,6 миллионго жетип, 1000 кишиге 250 китеп туура келген. Ага чейин, 2021-жылы 685 миң нускада китеп жана китепчелер жарык көрүп, 1000 адамга 107 китеп туура келери эсептелген.

XS
SM
MD
LG