Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

Жумабеков: ЖМК тууралуу мыйзам Баш мыйзамга каршы келбеши керек


Дастан Жумабеков
Дастан Жумабеков

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети 13-февралда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун карай баштады. Депутаттарга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул баяндама жасап жатат.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Гуля Кожокулова мыйзамды чийки деп сындап, өлкөдө сөз эркиндигине доо кетирет деп белгиледи.

Айрым депутаттар баяндаманы залда отурган министр Алтынбек Максутов өзү жасоосун талап кылышты.

Депутат Нурланбек Азыгалиев иштеп жаткан мыйзамдын жаңы редакциясынын зарылчылыгына кызыгып, долбоордун чийкилиги тууралуу дооматтарга кошуларын айтты.

"Бул мыйзам долбоору Кыргызстанда сөз эркиндигине доо кетирет", - деди Азыгалиев.

Комитеттин дагы бир мүчөсү Дастан Жумабеков 1992-жылы жазылган мыйзамды өзгөртүү Баш мыйзамга туура келбесин эскертти.

"33-берене жана 63-берене сөз эркиндиги жана ЖМК тууралуу жазылган. Жаңы мыйзам долбоору ошол беренелерге каршы келбеши керек. Эгер каршы келсе, анда мыйзам артка кайтарылышы керек", - деди.

Чыңгыз Эсенгулов буга көңүл буруларын белгилеп, депутаттарды мыйзам долбоорунун концепциясын колдоп берүүгө чакырды.

Аталган комитет “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун кароодон мурдагы жыйынында баш тарткан.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, ушул тапта Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн. Сунушталып жаткан документ кабыл алынса, бардык медиалар кайра каттоодон өтүшү керек жана аны Юстиция министрлиги жүргүзөт. Медианы каттаттуу үчүн үч документ талап кылынат Алар: арыз берүү, ЖМК түзүү тууралуу маалымат жана чечим. ЖМК катары каттоодон өтүүдө анын каржылоо булагы так көрсөтүлүшү керек.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн 2022-жылы декабрда жумушчу топ түзгөн. Ага президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштарын акыркы 5-вариантка киргизбей калганда, алар Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, мыйзамды мындай абалда кабыл албоого чакырышкан.

Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG