ЖМК тууралуу мыйзам долбоору ЖК комитетинде өтпөй калды

“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору 13-февралда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин колдоосун тапкан жок. Мыйзам долбооруна комитеттин жыйынга катышкан алты мүчөсү добуш берип, үчөө "макул", үчөө "каршы" болду.

Депутаттар Гуля Кожокулова, Жанар Акаев мыйзам долбоору Кыргызстандагы сөз эркиндигине доо кетирерин айтышып, аны артка чакыртып алууну жана кайра иштеп чыгууну сунушташты.

"Мен бул мыйзам долбооруна каршымын. Бул абдан чала долбоор. Аны артка кайтарып, жеткире иштеп чыгуу керек. Бул мыйзам менен ар бир район, облустардын башчылары менен журналисттерди кайраштырганы турасыңар. Журналисттердин ишмердигине, сөз эркиндигине доо кетиргени жатасыңар. Түз эфирде айтылган сөз үчүн журналист же ЖМК жооп берет деп жазылып турат. Алар түз эфир учурунда ким, эмне деп сүйлөп жиберерин алдын ала кантип билишет?" - деди Жанар Акаев.

Комитет жыйынына жалпыга маалымдоочу каражаттардын өкүлдөрү да чакырылган. Алардын бири - “Медиа полиси институту” уюмунун юристи Акмат Алагушев "ЖМК тууралуу мыйзамдын" жаңы редакциясын киргизүүнүн зарылчылыгы жоктугун белгиледи. Юрист Кыргызстанда ЖМКлардын, журналисттердин ишмердүүлүгүн токтотуп, жапканга ылайыкташкан беренелер иштеп келгенин жана иштеп жатканын эскертти.

"Азыркы убакта деле иштер козголуп атат, соттор өкүмдү чыгарып жатат. Кылмыш кодексинин "Кастыкты козутуу" деген бир гана берене боюнча соцтармактарда маалымат тараткан бир нече адам жаза алды. Соцтармактарда маалымат тараткан адамдар, веб сайт эмес. Демек, дагы эмне жетишпей жатат? "Бийликти күч менен кулатууга чакырык" деген берене иштеп жатат. Жарандык жана административдик кодекстерде бүт кабыл алынган. Демилгечилерден сурайт элем: эмне жок, эмне жетишпей жатат? Сунуштап жаткан мыйзамда Маданият, маалымат министрлиги маалымат каражатына эки ирет эскертүү берип, анын ишмердигин токтотуп кое алат. Анан сотко берип, сот ал чечимди нотариус катары эле бекитип берип жатат. Дал ушундай эле түшүнүк", деди Алагушев.

Аталган комитет “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун кароодон мурдагы жыйындарында бир нече ирет баш тарткан.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, ушул тапта Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн. Сунушталып жаткан документ кабыл алынса, бардык медиалар кайра каттоодон өтүшү керек жана аны Юстиция министрлиги жүргүзөт. Медианы каттаттуу үчүн үч документ талап кылынат Алар: арыз берүү, ЖМК түзүү тууралуу маалымат жана чечим. ЖМК катары каттоодон өтүүдө анын каржылоо булагы так көрсөтүлүшү керек.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн 2022-жылы декабрда жумушчу топ түзгөн. Ага президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштарын акыркы 5-вариантка киргизбей калганда, алар Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, мыйзамды мындай абалда кабыл албоого чакырышкан.

Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.(ZKo)

Дагы караңыз

Депутат Азыгалиев: сунушталган “ЖМК долбоору” сөз эркиндигин чектейт Абитуриенттер ЖОЖго тапшырганда кыргыз тилинен тест беретБишкекте түнкү клубдарга маңзат сатып жүргөн топ аныкталдыЖурналисттерди коргоо комитети соттун Kloop Медианы жапкан чечимин сындадыСтубб: Хельсинки Москва менен байланышпайт