АКШ "Амадеяга" жыл сайын 7 млн доллар коротууда

"Амадея" яхтасы.

АКШ өкмөтү Орусиянын камакка алынган "Амадея" яхтасын каржылоо үчүн жыл сайын 7 млн доллар коротуп жатканын Нью-Йорктун сотунда билдирди.

Вашингтон соттон яхтанын конфискацияланышынын мыйзамдуулугу таанылары менен сатууга уруксат берүүнү сураганын Reuters жазды.

106-метрлик "Амадея" яхтасы былтыр 14-апрелде Фиджи портунда АКШ бийлигинин суроосу менен кармалып, камакка алынган.

Америка өкмөтү жалпы баасы 325 миллион доллар турган кеме орусиялык миллиардер Сулейман Керимовго таандык деп эсептейт. Керимов Батыштын "кара тизмесинде".

Яхтага ээлик кылган компания сотко кайрылган. Адвокаттар "Амадея" Керимовго эмес, "Роснефть" компаниясынын мурдагы ээси Эдуард Худайнатовго таандык экенин белгилеп келет. Худайнатов санкцияга илинген эмес, ошондуктан, адвокаттар кемени кайтарып берүүнү талап кылууда.

Худайнатов дагы бир “Шехерезада” деп аталган суперяхтага ээлик кылат. Иликтөөчү журналисттер кеме чындыгында орус президенти Владимир Путинге таандык болушу ыктымал деп эсептешет.

АКШ өкмөтү ишкер менен сүйлөшүп, андан "Амадеяны" каржылоого ай сайын кетип жаткан 600 миң долларды төлөп беришин сүйлөшкөн. Бирок жыйынтык болгон эмес. Бул тууралуу федералдык прокурорлор Манхэттенде аймактык судья Дейлу Хого билдиришкен.

Дагы караңыз

Базар: Жеке менчикти ким коргойт? Пакистан: шайлоо жыйынтыгына нааразылар жол тороду"Азаттыктын" журналисттери Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкты жеңди"Ислам каржы кооперативине" нааразы болгон үлүшчүлөрМолдовада атып түшүрүлгөн орусиялык дрондун сыныктары табылды