Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:32

Молдовада атып түшүрүлгөн орусиялык дрондун сыныктары табылды


Дрондун сыныктары табылган жер. Молдова, 12-февраль, 2024-жыл
Дрондун сыныктары табылган жер. Молдова, 12-февраль, 2024-жыл

Молдованын чек ара полициясы Украина менен чек арага жакын жердеги Этулияда атып түшүрүлгөн орусиялык дрондун сыныктарын тапты. NewsMaker басылмасынын жазганына караганда, "Шахед" аппаратынын калдыктарында 50 килограмм жардыруучу зат бар болуп чыкты. Тартип коргоочулар жергиликтүү элдин коопсуздугуна коркунуч жаралбаганын билдирди.

Украин бийлигинин маалыматы боюнча 10-февралга караган түнү Одесса облусу Орусия учурган учкучсуз учактардын чабуулуна туш болгон. Молдованын чек ара полициясы “табылган сыныктар украин зениттик комплекстери атып түшүргөн дрондордун бири болушу мүмкүн” экенин билдирди.

Молдованын тышкы иштер министри Михай Попсой Орусиянын Украинаны “ырайымсыз аткылап жатканын” айыптады.

Президент Майя Санду бул окуя “Орусиянын агрессиясы бүтүндөй континентке коркунуч жаратканын дагы бир жолу олуттуу түрдө эске саларын” жекшембиде Х социалдык түйүнүнө жазган.

XS
SM
MD
LG