Орусияда Приморьенин аймактык соту бакшы Александр Габышевди анча катаал эмес клиникага которуу арызын четке какты. Ага чейин райондук сот адвокаттарынын ушул эле өтүнүчүн канааттандырган эмес.
Сибирь.Реалии сайты авдокат Алексей Прянишниковго шилтеме менен жазганына караганда, Уссурийск шаарынын психиатриялык ооруканасынын жетекчилиги Габышевди шарты жакшыраак клиникага которуу кеңешин берген. Бирок сот адвокаттардын арызын үч жолу четке каккан.
Якутиялык бакшы 2021-жылы психиатриялык диспансерге күчтөп жаткырылган. Ал 2019-жылдын март айында "Путинди дубанын күчү менен кетирүү үчүн" Москваны көздөй жөө жүрүш баштаган. Ал бир нече айдан кийин кармалып, психоневрологиялык диспансерге камалган. Экстремизмге чакырды деген кине менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн талабы менен өткөрүлгөн психиатриялык экспертиза анда мандем бар экенин көрсөткөн. Бакшы менен кошо анын тарапташтары да куугунтукка алынган.
2022-жылдын апрелинде Габышевди Новосибирскиден Уссурийск шаарындагы ооруканага которушкан.
Эл аралык Amnesty International уюму Габышевди "абийир туткуну" деп таанып, анын бошотулушун талап кылган.
"Мемориал" уюму 2021-жылы шаманды саясий туткундардын тизмесине киргизген.
Дагы караңыз
Депутат сот кылып кыргыз тилин билгендерди дайындоону сунуштадыКыргызстан Түркияга 400 тонна жаңгак экспорттойтHRW: чет элдик жардамдын азайышы Ооганстандын саламаттык сактоо системасына залакасын тийгизди