Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевди эскерүү алкагында бүгүн, 12-февралда Бишкекте "Чындык" аттуу 4-форум өтүүдө. Аны Иликтөөчү журналисттер фонду жана Кыргызстандагы "Интерньюс" өкүлчүлүгү уюштурган.
Форумда иликтөөчү журналисттер туш болгон коркунучтар, алардын коопсуздугу жана Кыргызстандагы кырдаал боюнча талкуу жүрүүдө.
Форумдун соңунда 2023-жылдагы мыкты делген журналисттик иликтөөлөргө Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык тапшырылат.
Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда ыйгарылат.
Чыгаан журналисттин көзү тирүү болгондо быйыл 12-февралда 34 жашка чыкмак.
Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.(AiB)
Дагы караңыз
CNN: Орусия Непалдын 15 миңдей жаранын аскерге азгырганПрезидент Жапаровдун АКШнын мамкатчысы Блинкенге жообу жарыяланды Египет Израил менен тынчтык келишимин токтоторун эскерттиУкраина: Орусия дрон согушуна өттүбү?