Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:58

CNN: Орусия Непалдын 15 миңдей жаранын аскерге азгырган


Непал армиясынын аскерлери. Катманду. Иллюстрациялык сүрөт.
Непал армиясынын аскерлери. Катманду. Иллюстрациялык сүрөт.

CNN телеканалынын кабарына караганда, Орусия Непалдын кеминде 15 миң жаранын аскерде кызмат өтөөгө азгырган, алар Украинада согушка тартылышы ыктымал.

Телеканал өз булактарына шилтеме кылып билдиргендей, Непалдын жарандары Орусияга Бирикккен Араб Эмирликтери же Индия аркылуу туристтик виза менен киришет. Орус өкмөтү аларга жарандыкты тез берүүнү жана айына эки миң доллар айлык убада кылганы кабарланган.

"Медиазона" басылмасы Орусиянын Чек ара кызматынын маалыматтарына таянып, өлкөгө кирген непалдыктардын саны мурункудан кыйла көбөйгөнүн, ошентсе да анчалык көп эместигин жазды.

2022-жылы Орусияга 73 непалдык кирген болсо, 2023-жылы алардын саны 1 039га жеткен. Булардын 700ү жылдын акыркы үч айында келген.

Январь айынын башында Непалдын бийлиги жарандарына Орусияда жана Украинада иштөөгө уруксат берүүнү токтотту. Өкмөт мындай чечимди Орусия армиясына азгырылган 10 чакты непалдыктын өлүмүнөн кийин кабыл алган.

Катманду Москвадан непалдыктарды согушка азгырууну токтотууну, ал эми аскерде жүргөндөрдү мекенине кайтарууну талап кылган.

Непал бийлигинин маалымдашынча, учурда Орусия тарапта 200дөй непалдык жалданма аскер болуп жүрүшү ыктымал. Алар расмий келишим менен же жеке аскердик компаниянын катарына азгырылганы тууралуу так маалымат жок.

Непалдын Тышкы иштер министрлиги жарандарын Украинадагы согушка эч бири тараптын катарында катышпоого чакырган.

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинада орус тарапта кызмат өтөгөн чет элдиктерге Орусиянын жарандыгын берүү тууралуу жарлыкка 4-январда кол койгон.

Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда кол салган. Бул аралыкта Орусиянын жеке менчик аскер компаниясы тарабынан чет өлкөлүк жарандар да Украинадагы согушка азгырылганы белгилүү болгон. Алардын ичинде Кыргызстандын жарандары да аныкталып, "Азаттык" анын ичинен ондон ашууну мерт кеткенин тактаган.

XS
SM
MD
LG