Украинанын Коргоо министрлиги өз маалыматтарына таянып, орус аскерлери Украинанын чыгышындагы оккупациялап алган аймактарда Илон Масктын Starlink интернет кызматын “системалуу түрдө” пайдалана баштаганын билдирди. 11-февралда Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгы Телеграм каналына орус аскерлеринин жашыруун жаздырылган аудиосун жарыялады. Анда эки орус аскери Starlink системасынын терминалдарын колдонуп жатканын айтышат. Украин чалгынчылары бул орус аскерлери фронттун алдыңкы тилкесинде Донецк облусундагы Бахмуттун алдындагы Клещеевка жана Андреевка райондорунда жайгашкан деп санайт.
Чалгын башкармалыгы Starlink терминалдарын орус аскерлери канчалык масштабда колдонуп жатканы же орус аскерлеринин колуна кантип тийгени тууралуу маалымат берген жок. 10-февралда Башкармалыктын өкүлү Андрей Юсов украин медиасына орус аскерлеринин америкалык системаны колдонуусу "системалуу жолго түшүп баратканын" гана айтты.
Starlink терминалдарын башкарган SpaceX 8-февралда X (мурдагы Twitter) платформасына жарыялаган билдирүүсүндө, "орус өкмөтү же анын куралдуу күчтөрү менен эч кандай бизнеси жоктугун” белгилеп, анын кызматы Орусияда иштебей турганын айтты.
Starlink — Жерди айланган 2000 спутниктен cигнал алып турган миндеген терминал кошулган түйүн. Бул система Украинада 2022-жылы февралда согуш башталып, Интернет байланышы үзүлгөндөн кийин ишке кирген.
Starlink Украинада фронтто байланышты гана камсыз кылбай, өлкөнүн энергетикалык жана коммуникациялык инфраструктурасын калыбына келтирүүгө тендешсиз өбөлгө болду.
Бирок ошол эле маалда бул кубаттуу система кирген SpaceX корпорациясынын ээси, миллиардер Илон Масктын Украинадагы согушка көз карашы суроолуу бойдон турат.
2022-жылы октябрда Маск Украинада Starlink системасын мөөнөтсүз каржылоого мүмкүн эмес экенин айткан. Андан соң SpaceX Пентагон менен келишим түзгөн, аскердик мекеме андан аркы каржылоону өз мойнуна алганы тууралуу айтылган.
Starlink Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралында, Москва айрым бөлүктөрүн оккупациялап алган Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарында иштебейт.
Былтыр күзүндө Илон Масктын өмүр таржымалын баяндаган китеп жарыкка чыкканда миллиардерди Киевдин Орусиянын Кара деңиз флотуна сокку уруу үчүн Крымга Starlink байланышын кошууну суранган өтүнүчүн четке какканы үчүн айыпташкан. Маск Starlink жарым аралда ишке кирсе АКШнын Орусияга каршы киргизген санкциясын бузуу болуп саналарын, эгер бул тууралуу Ак үй суранса гана системаны активдештире турганын айтканын, бирок андай өтүнүч болбогонун баяндаган.
Дагы караңыз
Борбор Азия "Орусиянын арткы короосу" деген аталыштан арылабы?Америкалык журналисттин Путин менен жагымпоз маанайдагы маеги18 жаштагы кыздын өлүмү: Үч дарыгер үй камагына чыкты "Уулдарымдан үч жылдан бери дайын жок..." Шинжаңда камалган казактар