Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:46

Борбор Азия "Орусиянын арткы короосу" деген аталыштан арылабы?


Астана саммити. 14-октябрь, 2022-жыл (иллюстрациялык сүрөт)
Астана саммити. 14-октябрь, 2022-жыл (иллюстрациялык сүрөт)

Стратегиялык кызыкчылыктары бар суверендүү мамлекеттер

Борбор Азияны “Орусиянын арткы короосу” деп атоо туура эмес, муну менен региондун өз алдынчалыгына көлөкө түшүрүшөт, эл аралык мамилелери эске алынбайт. Ушундай мазмундагы материалды 5-январда Emerging Europe сайты басып чыгарды.

Марек Грегорчик жаратылыш ресурстарына бай чөлкөмгө глобалдык кызыгуу артканы түшүнүктүу экенин, Европа менен Азиянын соода жолдору өнүгүп жатканда региондун географиясы да чоң роль ойногонуна токтолот.

“Бир алкак бир жол” демилгесинин аркасы менен Кытай Борбор Азиянын инфраструктурасына ири каражат салды. Муну менен Орусияны кыйгап өткөн транзит коридору катары ролу артты” деп жазган автор мындай жагдай соода жолдорун диверсификациялоону көздөгөн Батыштын да кызыкчылыгына төп келерин белгилейт.

Франциянын жана Казакстандын президенттери. Астана, 1-ноябрь, 2023-жыл
Франциянын жана Казакстандын президенттери. Астана, 1-ноябрь, 2023-жыл

Автор авторитардык тенденцияларга карабай, Батыш менен кызматташуу Борбор Азиядагы адам укуктарынын, саясий эркиндиктердин абалын жакшыртууга, мыйзам үстөмдүгүн орнотууга түрткү бермек деген ойдо.

Регион канчалык маанилүү экенин көргөзүү үчүн макалада француз президенти Эммануэл Макрондун былтыр ноябрда Астана менен Ташкентке соода алакаларын өнүктүрүү миссиясы менен барып кеткени эске салынат.

Ошондо Макрон казак президентине кайрылып: “Геосаясий кыйынчылыктарды, айрымдар тарабынан көрсөтүлгөн кысым-басымды тушүнөм”, - деп айткан. Грегорчик кеп кошуна Москва тууралуу жүргөнү анык деген ойдо.

Андан ары Украинадагы согуш башталгандан кийин сөз болгон эки мамлекет урушту колдобогону, аннексияланган украин аймактарын Орусияныкы деп тааныбаганы, Москвага салынган санкцияларды алар негизинен сактап келатканы айтылат.

Муну менен катар Борбор Азияга келгенде, айрым түшүнбөстүктөр да бар экенине көңүл бурулат. Макрондун сапары маалында бир катар маалымат каражаттары, анын ичинде Wall Street Journal жана Bloomberg сыяктуу ири медиа уюмдар Казакстан менен Өзбекстанды “Орусиянын арткы короосу” деп сыпаттаган.

Грегорчик Орусия менен Борбор Азиянын тарыхый байланыштары талашсыз болгону менен чөлкөм өлкөлөрүнүн ар бири өз стратегиялык кызыкчылыктары бар суверендүү мамлекеттер экенин, алар Еврошаркет, АКШ, Кытай, Иран, Түркия ортосунда тең салмактуу тышкы саясат жүргузүүгө умтулушарын баяндайт.

Автордун көз карашында, “арткы короо” деген термин кимдир бирөө эркиндиктен ажыраганда, башкалардын көзүн караганда колдонулат. Бул – чөлкөмдүн регионалдык жана глобалдык иштердеги ролуна туура келбейт.

Борбор Азия Батыш менен эки тараптын тең кызыкчылыгына дал келген коопсуздук, экономика чөйрөлөрүндө кызматташып келатат. Тең салмактуу тышкы саясат жүргүзүүгө умтулганы дүйнөлүк сахнада өздөрүн көз карандысыз жана таасирдүү оюнчу катары көргөзгүсү келгенин далилдейт. Алар кимдир бирөөнүн, асыресе Орусиянын көлөкөсүндө калгылары келбейт.

Борбордук жана Чыгыш Европадагы өлкөлөр коммунизмдин кулаганынан 35 жыл өткөндө гана “постсоветтик” же “мурдагы советтик” деген эпитеттерден арылышты.

Макала автору дүйнөнүн назарындагы Борбор Азия “Орусиянын арткы короосу” деген аталыштан 35 жылга жетпей арылат деп үмүттөнөт.

Казак өкмөтүн "саясий дымагы жок технократ" жетектейби?

Le Monde гезити 7-февралда Казакстанда өкмөт алмашканын чагылдырды. Журналист Эммануэл Гриншпан “инфляциянын өсүшү нааразылыкка алып келгени авторитардык президент Касым-Жомарт Токаев жакын адамын премьер-министриликке дайындаганын” жазат.

"Мурдагы өкмөт башчы Алихан Смаилов былтыр 25% жеткен инфляция, анын арты менен калктын сатып алуу жөндөмү төмөндөгөнү үчүн иштен алынган" деп улантат автор. Ал эми расмий түрдө отставка “өкмөттүн ишмердигине жаңы импульс берүү зарылдыгы” менен түшүндүрүлдү деген журналист, ачык-айкындыктын жоктугу өлкөдө салтка айланганын белгилейт.

Макалада айтылгандай, кызматтан кетирилген дагы 5 министрдин бардыгы экономикалык блокко жооп берчү. Өнөр жай, курулуш жана энергетика министрлери жакында дайындалгандыктан, ордуларын сактап калышты.

Казакстандын жаңы өкмөт башчысы Олжас Бектенов
Казакстандын жаңы өкмөт башчысы Олжас Бектенов

Журналист казакстандык саясат талдоочу Димаш Алжановдун пикирине да орун берген:

“Экономика жана энергетикадагы кемчиликтер, жогору инфляция, калктын кирешесинин азайышы өңдүү терс факторлор президентти акыркы эки жылдагы каталар үчүн жоопкерчиликти өзүнө албаш үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып, өкмөттү отставкага кетирүүгө түртүудө”.

Андан ары Гриншпан жаңы премьердин фигурасына токтолот. 43 жаштагы Олжас Бектенов президент администрациясынын башчысы болчу, ага чейин Коррупция менен күрөшүү агенттигин жетектеп келген. Дагы бир эксперт Газиз Абишев аны “Токаевдин каалаганына баш ийе турган 100% президенттин адамы” деп сыпаттайт.

Автор Токаев мурдагы мамлекет башчы Нурсултан Назарбаевдин адатын улантып, өкмөттү жетектөөгө саясий дымагы жок, таза технократтарды дайындап келатат деген көз карашын ортого салат.

“Президент өзү эмоцияларын көрсөтпөөгө аракеттенген аппаратчылардын катарынан чыккан” деген мүнөздөмө берет журналист.

Казакстандык экономист Расул Рысмамбетовдун айтымында, “Бектеновдун премьерликке дайындалышын коррупцияга каршы күрөштө каржылык тартипти орнотуу жөндөмү шарттады. Биринчиден, акыркы 5 жылдан бери бюджет улам кайра каралып келатат, трансферттер көбөйтүлүп, мамлекеттик каражатты натыйжалуу инвестициялоого анча көңүл бурулган эмес. Экинчиден Бектенов администрациянын мурдагы кызматкери катары президент кеңсеси менен региондордун өз ара иштешүүсүнүн, аларды көзөмөлдөөнүн жолун таба алат”.

Журналист маектешкен дагы бир эксперт, Франциядагы талдоо борборунун изилдөөчүсү Микаел Левистоун Бектеновдун дайындалышы электоратка паракорлукту жоюу ишине жогорку жетекчиликте чоң көңүл бурулууда деген белги берүүнү максат кылат деген ой-пикири менен бөлүшөт.

“Бирок бийлик жалпы коомдун кызыкчылыктарынан алыстаган деп эсептеген калк ошол белгини угат деген кепилдик жок”, - деген Левистоун.

Эң ысык жыл, эң жылуу январь

Климаттын өзгөрүүсү, жердин глобалдык ысышы барган сайын даана билине баштады. Январь айы көзөмөл жүргүзүлө баштагандан берки тарыхтагы эн жылуу болду. Былтыркы жыл да акыркы 100 мин жылдагы эң жылуу болуп чыкты. Бул жааттагы рекорд улам бир континентте коюлуп жатат.

Адам баласынын ишмердигинен тышкары мындай көрүнүшкө Эл-Ниньо кубулушунан улам океандын үстү болуп көрбөгөндөй ысыганы да салым кошууда. Көптөгөн маалымат каражаттары темага кайрылып, 2024-жылы да бул тенденция уланарын жазышат.

Франциядагы суу каптоо. 4-январь, 2024-жыл
Франциядагы суу каптоо. 4-январь, 2024-жыл

The Washington Post гезити жарыялаган макалада метеоролог Дэн Стиллман быйылкы январь көп жерде июндай сезилгенин, азыр жай болгон аймактарда аба адаттан тыш ысыганын айтат. Эки жакты тең кошкондо орточо температура рекорддук чекке жетти.

Кээ бир жерлерде - Австралиядан Түштүк Африка чейин, Азиянын түндүгүндө абанын табы нормадан 20-30 градуска жогору болууда.

Аба ырайына байкоо салган Максимилиано Эррера күндүн ысышын "адаттан тыш", “ооздукталбаган”, “акылга сыйбаган” деп сыпаттады.

Январда рекорд коюлган айрым жерлерди атап кетсек. Испаниядагы Куэнкада 23,2 градус, Австриядагы Имст шаарында 17,9 градус катталды. Азыр жай өкүм сүргөн Австралиянын айрым чөлкөмдөрүндө абанын температурасы 48 градуска чейин көтөрүлдү. Аргентинада температурас 42 градустан ашкан аймактар бар.

Метеорологдор көптөгөн жерлерде мындай жылуу аба ырайы бери дегенде бир жума сакталарын божомолдошот.

Климаттагы мындай аномалдуу көрүнүштөр сел, ташкындарды, кургакчылык, токой өрттөрүн, башка апааттарды шарттайт. Бул адамдардын жакырланышына, жер которуусуна, өлүм-житимдин көбөйүшүнө алып келет. Өкмөттөр каражатты элдин социалдык муктаждыктарына жумшагандын ордуна абанын ысышына жана анын кесепеттерине каршы күрөшкө сарптоого аргасыз.

XS
SM
MD
LG