Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президенттин күзөт кызматынын башчысы - Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин орун басарлыгына Роман Торехановду дайындады. Бул тууралуу Ак Орданын маалымат кызматы ишембиде жарыялады.
"Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен Роман Тореханов Казакстандын Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басарлыгына - Президенттин күзөт кызматынын башчылыгына дайындалды", деп жазылган билдирүүдө.
Аталган кызматтын мурдагы башчысы Чингис Аринов апта башында Өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалган.
Президент Касым-Жомарт Токаев былтыр сентябрда дайындалган өкмөттүн толук курамын 5-февралда отставкага кетирген. Буга эмне себеп болгону расмий айтылган эмес.
6-февралда өкмөттүн башына Олжас Бектенов дайындалды. Ал былтыркы жылдын апрель айынан бери президенттик администрациянын башчысы болуп иштеп келген.
Дагы караңыз
“Клоопту” жаптырган эксперттик корутунду Moody’s Израилдин насыялык рейтингин бир баскычка төмөндөттүЖыл башынан бери 2 438 адамга кызамык жуктуЕвропада фермерлер нааразылык акциясына чыгышты"Чек арасыз кабарчылар" уюму Kloop Медианын жабылышын сынга алды