Moody’s Израилдин насыялык рейтингин бир баскычка төмөндөттү

Рафах шаары Израилдин чабуулунан соң. Февраль, 2024-жыл.

Эл аралык Moody’s рейтинг агенттиги Израилдин насыялык рейтингин бир баскычка А1ден А2ге төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Буга өлкөнүн ХАМАС тобуна (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) жооп катары жүргүзүп жаткан операциясынын кесепеттери себеп болгон.

Израилдин насыялык рейтинги мамлекет болуп куралгандан бери алгачкы жолу төмөндөтүлүп отурат.

Moody’s мындан тышкары өлкө экономикасында болочокто дагы төмөндөө болорун божомолдоодо. Агенттик буга Газа тилкесиндеги согушту жана Ливан менен чек арасында кошумча фронт ачылышы ыктымалдыгын негиз кылып, Израилдин экономикалык абалынын начарлашына алып келиши мүмкүндүгүн жазды.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Moody’s агенттигинин чечимин комментарийлеп, рейтинг өлкөнүн экономикасына эмес, согуштук кырдаалда турганы үчүн ылдыйлады деп айтты.

9-февралда израил аскерлерине Газа тилкесиндеги Рафах шаарынан элди эвакуациялоонун планын иштеп чыгуу тапшырмасы берилгени анык болду. Маалыматтарга ылайык, Рафакта учурда 1,4 млн чамалуу палестиндик бар. Алардын катарында мурдараак тилкенин түндүк тарабынан качып баргандар да бар.

Вашингтон Нетаньяхуну аскер операциясын Рафахта жүргүзбөөгө жана жайкын палестиндиктердин коопсуздугун камсыздоого чакырган. АКШ президенти Жо Байден ЦАХАЛдын Газа тилкесиндеги операцияын "ашкере" деп атаган.

Reuters агенттиги өз булактарына таянып, мурдараак палестиндик качкындарды кабыл алуудан баш тарткан Египет Газа тилкеси менен чек арасына 40 танк жана БТРлерин алып келгенин кабарлады.

Израил бийлиги ХАМАСты толугу менен жок кылмайынча согушту токтотпосун бир нече жолу билдирген.

Axios агенттигине ишенимдүү булактары келерки жумада Каирге Израил менен ХАМАСтын жаңы сүйлөшүүлөрүнө даярдык көрүү үчүн ЦРУнун жетекчиси Уильям Бёрнс келерин маалымдашкан.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан Израилдин аймагына кол салып, 1200дөй адамды өлтүргөн, дагы жүздөгөн адамды барымтага алган, алардын жарымына жакыны бошотула элек. Жөөт армиясы бул үчүн Газага кирип, аскердик операциясын баштаган. Сектордун ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси бүгүнкү күнгө карата ал жакта 27 миңдей жай тургундун өмүрү кыйылганын айтууда.

АКШ баштаган бир нече өлкө ортомчулук кылып, тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп келе жатышат. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Жакынкы Чыгыштагы бир катар араб өлкөлөрүн операция башталгандан бери бешинчи жолу кыдырып чыкты.

Январдын соңунда Франциянын борбору Парижде АКШ, Катар, Египет жана Израил өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөн. Анда Газадагы атышууну токтотуу жолдору талкууланган.

Дагы караңыз

Европада фермерлер нааразылык акциясына чыгышты"Чек арасыз кабарчылар" уюму Kloop Медианын жабылышын сынга алдыСадыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына иш сапар менен барат«Сизге виза берилбейт». Эмне үчүн кыргызстандыктарга Европага виза алуу оор? Аба ырайы: 11-феварлда жаан-чачын жаабайт