Эл аралык "Чек арасыз кабарчылар" ((RSF) уюму Сөз эркиндиги үчүн коалициясын Кыргызстанда Kloop Media басылмасынын жабылып калуусуна чара көрүүгө чакырды. Бул тууралуу уюмдун X социалдык тармагындагы баракчасына жазылды.
The repressive escalation goes on in #Kyrgyzstan: a court just liquidated one of the legal entities of the investigative media @kloopnews, which will appeal the sentence. RSF urges @MediaFreedomC to take action against this arbitrary & unfounded decision. https://t.co/SKDbdvh4c9 pic.twitter.com/IxMEQtrdbj
— RSF (@RSF_inter) February 9, 2024
"Кыргызстанда репрессия уланууда. Сот иликтөөчү Kloop Медианы жапты. RSF Сөз эркиндиги үчүн коалициясын бул негизсиз чечимге каршы чара көрүүгө чакырат", деп жазылган анда.
"Чек арасыз кабарчылар" сөз кылган Эл аралык Сөз эркиндиги үчүн коалициясынын курамына элүүдөн ашуун өлкөлөр жана 20дан ашык бейөкмөт уюмдар кирет. Уюмга мүчө өлкөлөр өз аймагында сөз эркиндигин сактоого жана колдоого милдеттенме алышкан. Коалиция жалпы дүйнөдө сөз эркиндиги сакталышына чара көрөт. 2024-жылы уюмга Эстония жана Германия төрагалык кылууда.
9-февралда Бишкектин Октябрь райондук соту көз карандысыз “Kloop Media” порталын жабуу тууралуу чечим чыгарды.
Соттун бул чечими эл аралык жана жергиликтүү уюмдар Кыргызстанда сөз эркиндиги кысымга кабылып жатканы боюнча байма-бай билдирүүлөрдү жасап, бийлик аны четке каккан учурга туш келди.
“Kloop Media” порталын жабуу чечими Кыргызстанда сөз эркиндиги тууралуу талкуу күн тартибинде турган учурда чыкты.
Көз карандысыз медиаларда иштеген 11 адамдын эки айга камалышына байланышуу эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти өлкөдө сөз эркиндигине басымды токтотууга чакырып жатат.
Президент Садыр Жапаров акыркы маектеринде Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин кайталаган.
“Клооп” 2007-жылдан бери иштейт, чуулгандуу бир катар иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган. “Клооп” — Кыргызстандагы эң маанилүү окуялар тууралуу бейтарап жазган көз карандысыз басылма. “Клооптун” кабарлары күн сайын кыргыз жана орус тилдеринде жарыяланат. Айрым материалдары англис тилинде да чыгат. Басылманы “Kloop Media” эл аралык фонддорунун тобу башкарат.(ZKo)
Дагы караңыз
Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына иш сапар менен барат"Уулдарымдан үч жылдан бери дайын жок..." Шинжаңда камалган казактарИлимди көксөп, ийгилик жараткан кыздар Сот көз карандысыз “Клооп” медиасын жапты«Сизге виза берилбейт». Эмне үчүн кыргызстандыктарга Европага виза алуу оор? Харьковдо Орусиянын дрон чабуулунан жети адам мерт кетти