Министр мамлекеттик дарыканаларда айрым дары-дармектердин жок болуп жатканын комментарийледи

“Эл Аман” мамлекеттик дарыканасынын Ош шаарындагы түйүнү.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда ачылган “Эл Аман” мамлекеттик дарыканаларында айрым дары-дармектердин жок болуп жатканын комментарийлеп, мунун себебин алардын ачылганына аз гана убакыт болгону менен түшүндүрдү. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” курган интверьюсунда айтты.

“Азыркы кезде “Эл Аманда” дарылардын 2 миң түрү бар. Көп дары-дармектерди тапса болот. Элден кайрылуу болгон дарылардын баарын алып келип жатабыз. Айрым дарылардын саны аз болуп, баасы кымбат тургандыктан жеке менчик дарыканалар аларды алып келбей коюшчу. Биз ага карабай, элге керектүү дарылардын баарын алып келгенге аракет кылып жатабыз. Баары толукталыш үчүн бир аз убакыт керек. Былтыр апрелде “Кыргыз фармация” ишканасы түзүлгөн. Ал азыр бардык дарыканаларды 100% каржылап жатат. “Эл Аманда” дарыларга заводдогу баасына 5% эле кошулуп, элге жетип жатат. Бул абдан жакшы жетишкендик. Себеби, 30 жыл бою жеке менчик компаниялар дары-дармектерге эки, үч, беш эсеге чейин үстөк баа коюп, кымбат сатып келишкен. Сапаты да кээ бир дарылардыкы начар болчу. Ошол жагынан алганда “Эл Амандын” ишке киргени жакшы болду”, – деди ал Алымкадыр Бейшеналиев.

Кыргызстанда калкты жеткиликтүү дары-дармек менен камсыз кылуу жана баа саясатын туруктуу кармоо максатында мамлекеттик дарыканаларды ачуу чечими 2023-жылы кабыл алынган. Мунун алкагында алгачкы түйүн былтыр октябрдын аягында Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунда ачылган.

Кийин башка аймактарда да ачыла баштады. Февралдын башына карата өлкө аймагында “Эл Аман” мамлекеттик дарыканаларынын 61 түйүнү ачылды. Алардын 11 Бишкекте.

Бул дарыканаларда дары-дармектин аталыштары алгач 800дөн ашкан. Саламаттык сактоо министрлиги кийинчерээк андагы аталыштардын санын 2 миңге чейин жеткирерин маалымдаган. Мекеме тургундар мында дарыларды жеке менчик дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып аларын билдирип келет.

Буга чейин социалдык тармактарда жана айрым басылмаларда мамлекеттик дарыканаларда айрым дарылар жок экени жана кээ бир дарылардын баасында көп деле айырма жоктугун жазып жатышкан. (ErN)

Дагы караңыз

Төрт өлкө палестин мамлекетин таануу боюнча "айныксыз кадамга" чакырдыУкраина: Орусиянын чабуулу бири нече кишинин өмүрүн алды Акылбек Жапаров Түркиянын ишкерлерин Кыргызстанга инвестиция салууга чакырдыЖурналист Азият Жекшеев соттон чакыруу кагаз алганын билдирдиОшто дарыгерлерди сабаган деп кармалган адам үй камагына чыктыБишкек ЖЭБи ушуга чейин кышкыга пландалган көмүрдүн 62% алганын билдирди