Бишкек-Ош автожолунда тоо боорунан карды атып түшүрүү иштери жүрүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, 8-февраль күнү Бишкек-Ош жолунун 247-чакырымындагы (Көчкүлүү булак тилкеси), 255-чакырымында (Пельмен тилкеси) жана 250-чакырымындагы (Кызыл-Жар) тилкелеринен жалпысынан 23 миң 230 м3 кар түшүрүлгөн.
Ушундай эле иштер 9-февраль күнү Чычкан капчыгайынан Ала-Бел ашуусуна чейинки аралыкта уланат.
ӨКМ 9-февралга чейин күтүлүп жаткан карга байланыштуу Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүү коркунучу жаралганын эскерткен.
Жолдордо машинелердин ортосунда 500 метрлик аралык сакталууга тийиш. (MKt)