Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:31

Ошто милиция мугалимди баңгизат сатууга шек санап кармады


Ошто баңгизат сатууга шек саналып кармалган мугалим. ИИМ тараткан сүрөт.
Ошто баңгизат сатууга шек саналып кармалган мугалим. ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы Ош шаарында 31 жаштагы мугалим баңгизат сатууга шек саналып кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, шектүү Ош жана Баткен облустарынын аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип жүргөнү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Бул факты маалыматты каттоо журналына катталып, шектүү Баткен облусундагы мектептердин биринде мугалим болуп иштей турганы, ал көп убактан бери маңзатын сатып жүргөнү аныкталган.

Ош шаарында ИИМдин кызматкерлери Чек ара кызматы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларында ал 1 кг каннабис чайырын (гашиш) сатууга аракет кылып жаткан учурда кармалган.

Ага каршы Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ушул тапта баңги кылмышына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.

Кармалган мугалим Баткенде кайсы мектепте мугалим болуп иштей турганы ачык айтылган жок.

Шектүү тараптан комментарий боло элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG