Орусиядагы жол кырсыгында эки кыргызстандык каза тапты

Орусиянын Пенза шаарынын чоң жолунда 4-февралда автокырсык катталган. Анда Кыргызстандын эки жараны каза таап, Орусиянын жараны оор жаракат алган.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 7-февралда кабарлады.

Маалыматка ылайык, каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү мекенине жеткирилди. Ал эми орусиялык жаран оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

ТИМдин маалыматында автокырсык жана андан набыт болгон кыргызстандык жарандар тууралуу кеңири маалымат берилген эмес.

Былтыр 27-июнга караган түнү Орусиянын Самара облусундагы трассада болгон автокырсыктан алты киши каза тапкан. Алардын экөө кыргызстандык жана төртөө өзбекстандык жарандар.

2022-жылы 21-августта Орусиянын Ульяновск облусундагы катуу жол кырсыгында 16 адам, анын ичинде 14 кыргыз жараны мерт болуп, үчөө жараат алган. (ZKo)

Дагы караңыз

Орусияда согуш жөнүндө "туура эмес айткандардын" мүлкүн тартып ала башташатКараколдо аскер кызматкери армиядагы зомбулук тууралуу айтып чыкты Юстиция министринин орун басары “ЖМК мыйзамы” “Орусиядан көчүрүлгөн” деген айыптарга жооп бердиАКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен президент Жапаровго кат жолдодуШаардык сот Бектур Асановду эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотту"Селсаяк деп карашкан эмес". Эл артистинин жубайы кайдыгерликтен каза тапты