Грузияда жер көчкүдөн төрт кишинин өмүрү кыйылды

Грузия.

Грузияда бүгүн 7-февралда жер көчкүдөн кеминде төрт адамдын өмүрү кыйылды. Өлкөнүн батышындагы тоолуу аймакта өткөн түнү жер көчүп, Негрети кыштагында төрт үйдү ылай топурак жана урандылар басып калды.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги дагы беш кишинин дайыны табылбай жатканын, 200дөн ашуун куткаруучу жеринде издөө-куткаруу иштерин улантып жатышканын билдирди.

Эки күн мурда Ажария аймагынын түштүк-батышында жер көчкүдөн эки киши көз жумган.

Президент Саломе Зурабишвили каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Дагы караңыз

Комага түшкөн улакчы. Көк бөрү качан коопсуз оюнга айланат?Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат Президент Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин айттыАкылбек Жапаров Ош шаарынын бюджетин көтөрүүнү талап кылды