Газада кармаш уланууда, Блинкен Израилге барды

Газа. 2024-жылдын 6-февралы.

Израил Газа секторундагы аскердик операциясын батыштагы Хан-Юнис шаарында улантып жатканын билдирди. 7-февралга караган түнкү билдирүүсүндө армия өкүлдөрү шаарда “танкка каршы ракета менен аткан үч куралчан согушкер жок кылынганын” маалымдады.

Израилдеги былтыркы октябрдагы кандуу окуядан бери аймактагы өлкөлөр менен бешинчи сапар тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп келаткан АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен бүгүн 7-февралда Израилге барды. Ал атышууну токтотуу тууралуу ортомчулардын жардамы менен иштелип чыккан сунушту Израил жетекчилиги менен талкуулап, ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук уюм деп таанылган) ошол сунушка жообун жеткирерин маалымат агенттиктери жазып жатышат.

5-февралда башталган иш сапары алкагында буга чейин Сауд Арабиясынын, Египттин жана Катардын жетекчилери менен жолуккан Блинкен бул макулдашууну «аткарылышы мүмкүн жана чынында зарыл» деп мүнөздөдү жана «дагы көп иш бар экенин» билдирди.

Блинкен менен жолугушуудан кийин Катардын премьер-министри Мохаммед бен Абдулрахман Ал-Тани "Жоопто айрым комментарийлер бар, бирок, жалпысынан ал оң мүнөздө", - деп айтты.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 6-февралда «Биз толук жеңиш жолундабыз жана токтобойбуз», - деп айткан.

Израил Газанын түштүгүндө, Египет менен чектеш тилкеде жайгашкан Рафах шаарында чабуулдарын күчөтө баштаганы да кабарланган. Ал шаарда Газанын башка аймактарынан качып, убактылуу баш калкалап отурган калктын көпчүлүгү жайгашкан.

Израил Газадагы азыркы аскердик операциясын былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа тараптан кол салып, 1200дөй адамды, негизинен жай тургундарды өлтүрүп, дагы 240ка жакын адамды барымтага алып кеткенден кийин баштаган. Израилдин соңку маалыматына караганда, азыр барымтада дагы 132 адам бар.

ХАМАС көзөмөлдүк кылган Газанын саламаттыкты сактоо мекемесинин маалыматына караганда, аймакта азыркы тапта гуманитардык кризис курчуп турат, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 27 миңден ашуун адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды. (RK)

Дагы караңыз

Парламентте балдардын жөлөк пулун көбөйтүү сунушу көтөрүлдү Пенсиянын топтомо бөлүгү турак жай сатып алууда да бериле баштайтКаракол: Армиядагы зомбулук тууралуу маалыматты УКМК текшере баштады"Селсаяк деп карашкан эмес". Эл артистинин жубайы кайдыгерликтен каза тапты