Баткенде чөө тиштеген үч адамдын абалы канааттандырарлык

Иллюстрациялык сүрөт

Өткөн аптада Баткен районунун Апкан айылында чөө тиштеген үч адамга кутурмага каршы вакцина сайылды.

Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

"Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалдары канааттандырарлык. Эпидемияга жана эпизоотияга каршы күрөшүү боюнча комиссиянын чукул отуруму өтүп, элге түшүндүрүү иштери жүрүп жатат, ветеринардык кызматкерлер атайын иш-чараларды жүргүзүүдө. Отурумдун жыйынтыгы менен тийиштүү жетекчилерге тапшырмалаберилди", - деп айтылат облустук бийликтин маалыматында.

30-январда Апкан айылында жүргөн чөө үч адамга тиш салган. Алардын бири бала. Үй жаныбарларын да талаган. Чөө ошол эле күнү жок кылынган.

Баткендеги райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кампасында кутурмага каршы вакцина жетиштүү экени айтылды.

Кыргызстанда буга чейин жаныбарлардан кишилерге кутурма илдети жуккан учурлар катталган. Былтыр октябрь айынын башында Ошто 12 жаштагы бала кутурма жуктуруп алгандан кийин каза болгон. (JsA)

Дагы караңыз

Жалал-Абадда ишкер Бакыт Борошовдун соту жылдырылдыБишкек-Ош каттамы: Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу башталдыКазакстанда жаңы премьер-министр дайындалды